Аялымдын чочкодон айырмасы жок

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы! 30 жаштамын. Буга чейин карьера деп жүрүп үйлөнгөн эмесмин. Кыздарга убактым деле болгон жок. Эркек болгондон кийин кумарымды кандырыш үчүн аларга барып коём. Бирок, олуттуу мамиле куруп, алдыга чоң план деле койгон эмесмин.

Бир күнү фейсбуктан бир кыз менен таанышып калдым. Өтө чырайлуу деп деле айтпайм, келишимдүү. Анын үстүнө үйдөгүлөр үйлөн деп кулак-мээмди жей беришти. Кыз издеп аракеттенген жокмун. Мен үчүн баардык кыздар бирдей эле көрүнчү.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин жолугушалы дедим. Гүлдесте алып, кафега бардым. Кыз дагы келди. Жагууга аракет кылып, болушунча кам көрдүм. Лагман жедик. Ачык-айрым эмес экен, көп сүйлөбөйт, кийими дагы жарашыксыз. Экөөбүз тең Бишкекте болгондуктан, жолуга баштадык. Көнүп калдым. Бугумду ага айтам, сыр бөлүшөм. Акыры досторумдун “ушул эле кызды алып ал” дегенин угуп, кызга сунуш киргиздим.

Ал шаардын четиндеги батирде турчу. Чет жакка көп чыгам, туруктуу жашаган жерим деле жок, акчаны жакшы табам. Анын 8 жаштагы баласы бар, ажырашкан. Баласы айылдагы апасынын колунда экен. Баласын өз баламдай кылып алам дедим. Өзү иштеп, баласына үй-бүлөсүн кошуп баккан сапаты жакты.

Шаардын борборунан ижарага батир алдык. Нике кыйып үйлөндүк. Үй-бүлөсүнүн, үйлөнөйүн деп эле калган инилеринин көйгөйлөрүн мага арта баштады. Кээде туруп ага үйлөндүмбү же үй-бүлөсүнөбү деп өзүмө суроо берип коём. Макул, аялым да деп колдоо көрсөтө бердим.

Мен аялга тамак жасатып, кир жуудурган киши эмесмин. Ачка болсом өзүм деле жасай калам. Бирок, бул жагынан дагы сабырымды түгөттү. Ишинен чыгып алды, келээри кечке үйдө жатат. Келсем бут коёрго жер жок. Үйдү тазалай элегине бир топ болду. Текчелер чаң, идиштер май, кирден газ плитанын бети көрүнбөйт, муздаткычта бир ай мурунку тамактар турат, анысы эбак жыттанып кеткен, мончону айтпай эле коёюн. «Мен үчүн болбосо дагы өзүң үчүн таза жашасаң болбойбу! Өзүңдү сүйбөгөндөн кийин мени сүймөк белең” дедим. Бергенди билбейт, талап кылып эле жата берет.

Кетип калдым. Азыркы учурда аны унута албай жатам, баргым келет, бирок ал өзгөрбөйт. Эмнени айтпайын укпайт, өзүнүкүн бербейт. “Бир аял алып кетирди” деген сөздөрдөн арданам. Көңүлүм калды. Эмне кылсам болот? Мага кеңеш бериңиздерчи.

Булак: http://»bilesinbi.kg»

Аргумент.kg