Аялым сойку экенине карабай үйлөнгөм,эми өкүнүп жатам

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Досторум менен бир отурушта женил ойлуу кыздарды чакырганбыз. алардын арасында жүзу апакай болгон кара каштуу кыз жагып калып, ал түндү мен ал кыз менен өткөрдүм. Кыздарга акчасын төлөгөнгө көп деле маани берген жокмун. Бирок ошол кыз менин түшүмө кирип, кээде мени азгырып экөөбүз жакындашабыз. ошентип түшумдө азгырылып, аны издей баштадым. Акыры социалдык тармактардан таап алдым. Кайсы бир саунада сойку болуп иштейт экен. Башында клиетн болуп барып жүрсөм кийинчерээк жакын болуп кеттик. Сүйүүдөн башым айланып, ал кызсыз жашоом жоктой сезиле баштады. Менин ал кыз менен жакындашып, үйлөнүү планын коюп жатканымды укканда досторум каршщы чыгып туруп алышты. алардын каршылыгы биздин сүйүүгө тоскоол боло алган жок. Акыры баш коштук. Досторумдун көбу акырындык менен менден кол үздү. Оюмда аялым мени түшүнүп, колдоп, жашообуздун аягына чейин бактылуу б олобуз дечүмүн. Эки кыздуу болгондон кийин жумушум токтоп убактылуу үйдө отуруп калдым. Түнү таксовайтетем. Ошондой күндөрдүн биринде аялымдын сауналардын бирине чон киши менен кирип бара жатканын көрдүм. Ишенген жокмун. Унаамдагы клиентти таштап коюп үйгө келдим. Кыздарым момюп таттуу уйкуда жатат. Аялым жок. Тн атканча күтуп отурдум. Саат жетилерде келди. Кире бериште отургучта уктап отурган мени көруп коркуп кетти. Жаңжал башталды. Ызамдан аялыма кол көтөрдүм. Кыздарым биздин кыйкырыктан чочуп ойгонуп келишти. Алардын жүрөгүн ооруткум келбей сыртка чыгып кеттим. Ал күнү унаамда отурдум. Оюма эч нерсе келген жок. Кечинде келдим. Аялым сулуулунап бир жакка жөнөгөну жатыптыр. Эки кызым аны карап жанында турушат. Аялым болсо «башында баарын билип туруп үйлөнгөнсүң, азыр мен ошону менен кыздарды багып жатам. Каршы болсоң кыздар сени менен туруп турсун кийин алып кетем»-деди. Кол көтөрүп кыздарымдын журөгүн түшүргүм келген жок. Кыздарымды кучактап кала бердим. Ошону менен аялым кайтып келген жок. Бир жумадан кийин Турцияга кетип жатканын айтып, кыздарга акча таштап кетти. Азыр Турцияда иштеп жүрөт, ал жакта ким менен эмне кылып жүрөтбир кудай билет. Мыйзамдуу түрдө ажыраштык. Кыздар мени менен калды. Кыздарымды карап отуруп сойкуга үйлөнгөнүмө өкунүп жатам. Кийин апаңар сойку болчу деп мен айтпасам да башка бирөө айтса кыздарым кандай кабыл алат. Апам кыздарымды каралашып чогуу жашап жатат. Башкага баш кош дейт, бирок баш кошуудан корком.

Аргумент.kg