Коом

Аялым кымбат баалуу белектен да, бул нерсени кылганым жагарын айтты

Мен аялымды сүйөрүмдү айткандан тартынбайм. Сүйөрүмдү кур сөздөр эмес, иш-аракет менен далилдейм. Жашоо кыска, аны көрктүү кылып жашоо өзүбүздөн. Туурабы? Балдар чоңоет, өз турмушу менен кетет, аларга тоскоол болбойм деле. Кайра батыраак чоңоюп кетсе экен дейм. Келинчегим экөөбүздүн тапканыбыздын баары ошолордон артпайт (күлүп). Өзүбүзгө байпак алалабай калган күндөрүбүз болду. Менде бир кыял бар. Силер менен бөлүшөйүн. Балдар чоңоюп кетти дейли. Ошондо аялым менен парк аралап сейилдесем дейм. Анан киного барабыз. Андан чыгып тамактанабыз. Балдар эмне болду деп кабатыр болбойбуз. Ушундай тынчтыкта болобуз. Экөөбүз эле. Неберелерди дагы албайбыз. Өзүңөр баккыла дейбиз. Туулган күнү болчу. Сумка алып бердим. Тандап жүрүп жакшысын алдым. Сонун кылып майрамдадык. Түн. Уйкуга даярданып жатып, менде аялыма бир суроо пайда болду.
— Мен берген белектердин ичинен кайсынысы жагат?
— Баары жагат.
— Эми бирөөсүн айтсаң.
— Мага белектериң эмес, кучактаганыңды таштабаганың жагат.

— Түшүнбөдүм.
— Ар дайым жумушка кетерде, жумуштан келгенде мени балдарыбыздан дагы биринчи кучактайсың. Бул нерсени эч таштабадың. Урушуп кетсек дагы кучактап коюп кетесиң. Мага ошол бир ирмемде болчу кучагың жагат. Мен муну эч ойлобопмун. Атайылап деле жасачу эмесмин. Келинчегимди кучактап жыттап
алмайын кетпейм. Бул нерсе биринчи кезекте өзүмө жагат. Көрсө, аялым баалуу белектен дагы ушуга ыраазы болуп жүргөн тура. Мен бактылуумун.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *