Бишкек шаарында аялдыв муунтуп өлтүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябр райондук ИИБ билдирди.

Маалыматта, “Көк-Жар” жаңы конушунун жеке турак үйлөрунүн биринен 40-45 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Маркумдун денесиндеги тактар анын кыйноого алынып каза болгонун тастыктаган. Бул боюнча кылмыш иши катталып, көп өтпөй бул кылмышка шектүү 30 жаштагы жаран кармалган. Анын айтымында ошол күну ал мас болгон жана 49 жаштагы А.Б менен тил табыша албай кетип аялды муунтуп өлтүрүп алган.