Коом

Аял ымыркайларынын сөөгүн шкафтын ичине катып чириткен

Балага зар болуп жашаган жаран аялы каза болгондон кийн үйүнөн катылган ымыркайлардын денесин тапкан. Бул тууралуу BFMTV каналынын сайтында маалымдалды .

Маалыматта, окуя Франция өлкөсүнүн Сарт департаментинде катталган. Аялы рак оорусунан 44 жаштагы жубайы каза болуп калган. Аялынын тиги дүйнөгө кетиши ал үчүн да катуу сокку болуп, аялын эстеткен кээ бир буюмдарды ыргытууга киришкен Ал гараждагы шкафты сыртка чыгарып салмакчы болуп анын ичиндеги керексиз буюмдарды алып жатып, алардын ичинен ымыркайлардын чирип калган сөөктөрүн тапкан. Мындай болуп кетерин күтпөгөн 41-жаштагы жесир жаран полицияга билдирген. Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери сарайдагы кулпуланган шкафтын ичинен дагы эки баланын жансыз денесин табышкан. Ошондой эле эки бычак болгон. Маалыматка ылайык, сөөктөр желим баштыктарга салынып, кийимге оролгон. Сөөктөрдүн абалы начар болгондуктан, алар ымыркайларга, жаңы төрөлгөн балдарга таандыкпы белгисиз. Болжол менен бардык балдар ар кайсы убакта каза болгон.

Ошондой эле жубайлардын никеде балалуу боло албай бала күтүп жашаганын айтат жаран. Ал эми аялынын болсо бул экинчи никеси болгондуктан биринчи никесинен эки баласы болгон. Полиция окуяны иликтеп жатат жана азырынча окуя боюнча эч кандай версия айта элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *