Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова бүгүн камакка алынган Бактыбек Калмаматов тууралуу пикирин билдирди.

«Фейсбукка киргениме аз эле убакыт болду. Кудайыма миң мертебе ыраазымын! Буйруса ден-соолугум жакшы. Алгач Сиздер менен бир жакшы ой менен бөлүшүп амандашкым келген… Бирок бүгүн кишенделген Калмаматовду көрүп жүрөгүм эзилди. Эстедим. Милицияда, СИЗОдо, ИВСте иштеген жөнөкөй ини-сиңдилериме дагы бир жолу ыраазы болдум. Саясаттын оюну болуп жатканын билип алар бийик Адамдык сапаттары менен мамиле кылышат эле. Бакыттын туугандары ал жагынан камсана болбой эле койсоңуздар болот. Билесиздер, сотко санкцияга келгенде опер кызматкерлер мага жакын дагы басышкан эмес»,-дейт Салянова.

Экс-прокурор бийлик башындагыларды эскертип, бүгүн дагы кеч эмес, катаны оңдосо болорун айтты:

«Адамды ак жеринен күйгүзүп кордук көргөзүү аброй алып келбесин бийлик жакшы билет. Анда эмнеге өзүңөргө өзүңөр чыккынчылык кылып жатасыңар!? Эмнеге өзүңөрдү мынча жек көрөсүңөр, сыйлабайсыңар, аябайсыңар?
Мындай кордукту көргөзүп элдин кыжырын козутуудан башка эмне пайда табасыңар? Бүгүн дагы кеч эмес. Катаны оңдосо болот. Балким ошонун арты менен башка каталар оңдолот. Үмүт пайда болот. Жаңылануу башталат…»