Ахматбек Келдибеков элчилик кызматтан баш тартты. Бирок…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бизге жеткен маалымат боюнча, Ахматбек Келдибеков АКШга элчи болуудан баш тартканы кызык. Океандын ары жагына кетип калса, чоң саясаттан четтеп, өзүнүн бай ресурстарын пайдалана албай калышы ыктымал. Бир эсе элден алыстап, рейтинги түшөт, алдыдагы шайлоолорго катыша албай калат. А кеп удулуна келсек, Ахматбек Келдибеков аткаруу кызматынын ылдыйкы тепкичинен ырааттуу көтөрүлүп, министрдин орун басары, министр (бир канча ирет), о.э. депутат, Жогорку Кеңештин төрагасы сыяктуу мартабалуу кызматтарды аркалап, ошого катар оор кезеңдерди да башынан өткөргөн. Коомчулуктагы таасирдүү фигуралардын сап башында турганы ырас. Мындай персона үчүн элчилик кызмат өтө маанилүү болбосо керек. Арканды алыс ыргытуу менен Ахматбек мырза тарыхый күрөштөргө, алдыдагы олуттуу сыноолорго даярданса керек. Албетте, бул биздин божомолубуз. “Элге сөзүн айтпаса, эрендерден не пайда?” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, акыл чөйчөгү, тажрыйба-шыгы толуп турган кезеңде, келечек муун үчүн улуу иштердин өтөөсүнө чыгуу, бийик ашууларды багындыруу парзына бел байлайбы? Маңдайына эмне жазылганын азырынча эч ким билбейт да.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg