Агам кайнежеме үйлөнөм дейт, кайненем мени жеп коет го

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Агам беш жыл мурун аялы менен ажырашып Москвага кетип калган. Быйыл келип баарыбыз менен учурашып, аягында мени үйгө чакыртыптыр. Барсам апам менен атам жер карап отурушат. Улуу эжем : «Кайнежең сага жең боло турган болуп калды. Баарына дапяр болуп тур. Агаң менен кайнежең силер баш кошо электе эле көмүскө жолугушуп жүрүптүр. Ортолорунда уулу бар экен»-деди. Көрсө жолдошумдун экинчи эжеси турмуш жолу болбой калып ажырашканы Россияга иштейм деп кетип 9 жылдан бери ошол жакта иштейт экен. Бир эки жолу уккам бирок көргөн эмесмин. Кайненем аябай катуу адам эми агам менен кайнежемдин көмүскө жашап жүргөнүн көтөрө албай мени жей береби деп чочулап жатам. Күйөөмө айтсам «апам кабыл албай бизди кошо кыйнайт го, бирок эжемдин өз тандоосу да. Апам эжемди өзюү билип аяшынын уулуна берип койгон. Жезде ичкиликке жакын, жүрөнөөк болчу. Алты айга жетпей ажырашып эжем апама айтпай оссияга качып кеткен болучу»-дейт. Агам болсо жакын арада даярданып алып барабыз деп жатат. Мен болсо чийки май жегендей болуп ичимден өзүмдү жеп кыйналып жүрөм.

Аргумент.kg