«Агаң жеңең менен таякеңди кармап алыптыр» Аравандагы тургунду өлтүрүп, баштыкка ороп, көмүп коюшкан

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош облусунун Араван районундагы тургунду өлтүрүп, жерге көмүп коюшкан. Анын өлүмүнө айыпталган 2 адамдын иши Жоргорку сотко чейин жетти.

    • Айыпталуучу Фархат (ысымы өзгөртүлдү) 1994-жылы 5-октябрда Араван районунда туулган. Үй-бүлөлүү, 2 баласы бар, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) 2-бөлүгүнүн 7-9-12-15-16-пункттары боюча айып тагылып, камакка алынган.

       

 

    • Айыпталуучу Омор (ысымы өзгөртүлдү) 1993-жылы 24-февралда Араван районунда туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) 2-бөлүгүнүн 7-9-12-15-16-пункттары боюча айып тагылып, камакка алынган.

       

 

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, кылмыш ишке себеп болгон окуя 2021-жылы 22-ноябрга караган түнү болгон. 3 адам саат 02:30 чамасында Араван районунун 1969-жылы туулган тургуну Юлдаштын (ысымы өзгөртүлдү) үйүнө барышкан. Базардан сатып алган кара чүмбөттү беттерине жаап, комуфляж кийимдерди кийип, үйгө терезе аркылуу киришкен. Юлдаш уктап жатканда желим таяк менен бети-башына чапкылап, өзгөчө мыкаачылык менен муунтуп өлтүрүп, колу-бутун байлап, оозуна байпак салып, скочтоп, «Дэу Матиз» унаасына салышкан. Андан кийин үйдүн короосунда 2 метр чуңкур казып, жансыз денени көмүшкөн. Өздөрү кийип жүргөн кан болгон кийимдерди, төшөк, килемдерди дарыянын жээгине алып барып өрттөшкөн.

Биринчи инстанциядагы сот отурумунда айыпталуучу Бахадыр күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Анын айтымында, каза болгон Юлдаш бир тууган таякеси болчу. Ал көрүнүктүү, беделдүү адам болгону менен баңгизат колдонуп жүргөн. Көп жылдан бери Россияда иштеп, эс алуу үчүн Араванга келип турган. 2018-жылы Россияда жүргөндө телефон аркылуу апасына (Бахадырдын) «менин үйүмө балдарыңдын бири барып жашасын, жарымын берем» деп айткан. Ал үйлөнүп, таякесинин үйүндө жашап жүргөн. Үйдү оңдоо үчүн карызга батып кеткен. Таякеси Россиядан келип, анын үйүндө 2018-2019-жылдары жашап жүрүп, пикир келишпестиктен улам таякеси менен урушуп, келинчегин алып, чыгып кетишкен. Өздөрүнүн ордуна майып агасын жөнөткөн. Агасы менен жеңеси таякесинин үйүндө жашап жүргөндө апасы телефон чалган. Ал «тагаң агаңдын аялы менен жыныстык катнашка барып жатканда агаң кармап алыптыр» деп айткан. Ачууланып, таякесинин үйүнө барайын дегенде апасы жөнөтпөй койгон. Бул окуядан кийин агасы 3 баласын алып, үйүнө кайтып келген. Ал эми жеңеси таякеси менен калган. Андан кийин таякеси ата-энесин, эжелерин, агаларын оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, бул арада жеңеси үйгө 2-3 жолу келип, жаңжал чыгарып кеткен. Таякеси үйүн оңдоого кеткен акчаны бербей, WhatsApp акрылуу сөккөн. 10-15 аудио жазууну сактап койгон, бирок апасы уруш чыгып кетпесин деп өчүрүп салган. Ал эми Юлдаш өздөрү жашап жаткан үйдү өрттөп салган. Ошондуктан мончодо жашап калышкан.

Ал таякеси жарымын берем деген үйдү сатып салганын уккандан кийин акча алуу үчүн досу Оморду чакырган. Ал Фархатты ээрчитип келген, аны буга чейин таанычу эмес. Биринчи күнү таякесинин үйүнө барып, кире алышкан эмес. Себеби анын үйндө башка адамдар бар болгон. Ал күнү үйдүн терезесин ачып кетишкен. Экинчи күнү ачылган терезе аркылуу үйгө киришкен. Кийимдерди, чүмбөттү, скотч жана жипти өзү даярдаган. Жанындагы шериктери бул тууралуу окуя учурунда гана билишкен. Таякеси уктап жаткан бөлмөгө киргенде ал ойгонуп кеткен. Андан акча сураса, эски окуяларды козгоп, аны дубинка менен башка чаап жиберген. Ал өзүн жоготуп, бутун байлайын деп жатканда өзүнө келип, балтаны алууга жүткүнгөн. Дагы бир жолу башка чаап, муунтуп, андан кийин колу-бутун байлап, оозуна байпак салып, скочтоп койгон. Фархат менен Омор жардам беришкен эмес. Шериктери коркпосун деп Юлдаш каза болгонун аларга айткан эмес. Жансыз денени унаага салып, сууга агызып салууну же милицияга өзү барууну да көздөгөн. Бирок денени үйдүн короосуна көмүп салган.

Бахадыр сот отурумунда таякесин өлтүрүүнү көздөбөгөнүн, 400 миң сом карызын алууну гана каалаганын билдирди. 7-8 күн өткөндөн кийин милицияга чакырышкан. Ага чейин окуя тууралуу айтып берүү үчүн бир нече жолу Араван РИИБге барып, бирок кайра кетип калышкан. Таякесин чаап өлтүргөн дубинканы Юлдаш 2018-жылы белек кылган. Аны окуя болгон жерге коргонуу максатында алып барган. Ал кечирим сурап, жеңил жаза берүүнү суранды.

Араван райондук сотунун чечими менен Бахадыр күнөөлүү деп табылып, 11 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт.

Ал эми айыпталуучу Фархаттын айтымында, Омор досу болот, Бахадырды буга чейин таанычу эмес. Окуя болгон жерге досунун чакыруусу менен барган. Аталган үйгө киргенден кийин Бахадыр менен Юлдаш уруша кетип, Бахадыр аны таяк менен чаап жиберген. Бул учурда өзү шок болуп, андан кийин окуя кандай болгону эсинде жок. Буга чейин адам өлтүрүү жөнүндө сөз болгон эмес. Аталган окуя болгондон кийин Бахадыр Омор экөөнү «болду, силер кете бергиле» деп кетирип жиберген. Юлдаш каза болуп калганын милицияга барганда билген.

Омордун көрсөтмөсү боюнча, окуя болгон күндөн бир күн мурун Бахадыр менен жолугуп, сүлөшкөн. Ал «тагам акча кырыз, ошол акчаны бербей жатат. Эртең акчаны алышыбыз керек, дагы балдар барбы?» деп сураган. Ал Фархатты ээрчитип барган. Алар Юлдаштын үйүнө киргенден кийин «жакшылыкча айтсам акчамды берген жоксуң. Эми балдар менен келдим, бирок алар эч нерсе кылбайт, экөөбүз сүйлөшөбүз» деп айткан. Экөө уруша кетип, Юлдаш эшиктин жанындага балтага чуркаганда, Бахадыр эки-үч жолу чаап жиберген. Шок болуп, экөөнү ажырата алган эмес. Юлдашты унаага салып, көчөнү айланып келгенден кийин Бахадыр Фархат экөөнү кетирип жиберген. Алар алдын ала Юлдашты өлтүрүү тууралуу сүлөшүшкөн эмес. Юлдаш каза болуп калганын милиция кармап кеткенден кийин билген.

Биринчи инстанциядагы сот отурумунда маркумдун эжеси да көрсөтмө берди. Анын айтымында, Юлдаш 8 бир туугандын кичүүсү болчу. Ал жубайы менен ажырашып кеткен, Россияда уулу бар. Юлдаш менен Бахадырдын үй-бүлөсүнүн мамилеси жакшы эмес болгон. Иниси Россияда иштеп, анын үйүндө Бахадыр убактылуу жашап жүргөн. Ал эми 400 миң сом карыз тууралуу сотко келгенде гана билген. Иниси Россиядан келгенден кийин «карыздарың болсо бер» деп айтканда «карыздардын баарынан кутулгам» деп жооп берген. Иниси Россияда таксист болуп иштеп, жакшы акча тапчу. Ал Россияда жүргөндө эжесинин үйү (Бахадырдын апасы) өрттөнүп кеткен.

Бахадырдын агасы ооругандыктан Юлдаш атасы мурска калтырган жерден 8 сотых берүүнү убадалаган. Ал жердеги үйдө Бахадырдын агасы жубайы жана 3 баласы менен жашап жүргөн. Юлдаш аларга азык-түлүк жактан жардам берчү. Ошондуктан Бахадырдын жеңеси менен Юлдаш ойнош деген сөз чыгарып жиберишкен. Андан кийин Юлдаш аксакалдарды чогултуп, «эжем келини менен ойнош экенимди айтып, сөз чыгарып салды, мен андай кылган эмесмин» деп айтып, эжесин чакырганда ал чогулушка келбей койгон. Анын келини да бул сөздөрдү четке каккан. Юлдаштын ачуусу келип, «сендей эжем жок, жердин жарымын бербейм» деп айткан. Ал каза болордон мурун жерди сатып жиберип, карыздарынан кутулган.

Жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза жүргүзгөн эксперттин айтымында, катуу соккудан улам маркумдун мээсине кан куюлуп каза болгон. Өлүктү ич кийимчен алып келишкен.

Сот отурумунда күбө Урмат да көрсөтмө берди. Ал Бахадырды тааный турганын билдирди. Ал Юлдаштын кошунасы. Юлдаш Россияда жүргөндө Урматтын телефону аркылуу эжеси менен сүйлөшүп жүргөн. Бир күнү WhatsApp акрылуу «иним, менин эски иштерим ачылып калды, Өзбекстанга кетип жатам, эжеме айтып кой» деп жазган. Ал күнү катуу ооруп жаткандыктан бул тууралуу Юлдаштын эжесине айта албай калып, кийин унутуп калган. 2-3 күндөн кийин Юлдашты издеп жатышканын угуп, аталган кат тууралуу эжесине айткан. Алар бул жөнүндө Юлдаштын Россиядагы уулуна дагы айтышканда ал дагы атасы телефонду албай «кийин сүлөшөбүз» деген билдирүү жазганын айткан.

Айыпталуучу Бахадырдын апасы — маркум Юлдаштын эжеси көрсөтмө берген. Анын айтымында, атасынын үй-жайы иниси Юлдашка калган. Ал атасы тирүү кезинде Россияда иштеп жүргөндө соттолуп, аны абактан чыгарып келишкен. Атасы ооруп калганда небереси Бахадырга 8 сотых жер берүүнү убадалаганда бир туугандары каршы болушкан эмес. Алар атасынын үйүн оңдоп-түзөп, иниси Россиядан 35 миң рубль акча жөнөткөн. Үйдү оңдоого кеткен калган акчаны карызга алышкан. Жаңжалга келини менен инисинин ортосунда мамиле себеп болгон. Бирок экөөнүн мамилесин эч ким көргөн эмес. Уулу менен келини ажырашып кеткенден кийин иниси, келини Россияга кетишкен. Ал эми атасы мураска калтырган жерди иниси сатып, 50 миң сом берген. Ошондо инисин акыркы жолу көргөн.

Сот отурумунда Юлдаштын үйүнүн жарымын сатып алган адам да көрсөтмө берген. Анын айтымында, үйдүн жарымы үчүн акчасын төлөп, мыйзамдүү түрдө өткөрүп алган.

Араван РИИБдин ыкчам кызматкеринин көрсөтмөсү боюнча, бул окуя боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодон 1 күн мурда арыз түшкөн. Бул учурда кызматкерлердин баары шайлоо тилкелерине бөлүнүп кетишкен. Алгач Юлдаштын үйүнө барып, ишти баштаган. Бирок кылмыштын бети ачылган эмес. Шайлоо бүткөндөн кийин кылмыштын бети ачылып, жансыз денени сарай жактагы жерден казып чыгарышкан.

Араван РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын айтымында, айыпталуучу Бахадыр милицияга өзү келип, окуя тууралуу айтып берген. Ал жансыз дене көмүлгөн жерди көрсөтүп берген. Жансыз дене көк баштыкка оролуп, ич кийимчен абалда тыбылган.

Бул кылмышка дагы бир адамдын катыштыгы аныкталып, анын иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган. Ага 2021-жылдын 8-декабрында издөө жарыяланган.

Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын 2022-жылдын 25-октябрындагы өкүмү менен Араван райондукө сотунун 2022-жылдын 31-мартындагы өкүмү өзгөртүлүп, алар 12 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Жогорку сотко айыпталуучулардын жактоочуларынан кассациялык даттануу түшкөн. Алар биринчи инстанция соту тарабынан кылмыш иш дыкааттык менен менен каралып, айыпталуучулардын аракеттеринде адам өлтүрүү боюнча кылмыштын курамы жок деп туура жана негиздүү бүтүмгө келгенин, ал эми апелляциялык инстанция сотунун соттук коллегиясы иштин бардык жагдайларын жана окуянын кырдаалдарын толук жана жетишсиз изилдебестен, алардын кыймыл аракеттерине тийиштүү юридикалык баа бербестен бир тараптууүү тыянакка келишкенин көрсөткөн. Алар райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырууну сураган.

Жогорку соттун 2023-жылдын 25-январындагы чечими менен Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын өкүмү күчүндө, жактоочулардын кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Аргумент.kg