Адилет Айтикеев: “Бакиевди Кыргызстанга алып келели деген сөз да болбоптур”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жарандык активист Адилет Айтикеев мурунку өлкө башчыларынын жолугушуусу тууралуу төмөндөгүдөй пикирин өзүнүн фейсбук баракчасына калтырган.
“Атамбаев К. Бакиев менен дагы, С. Жээнбеков менен дагы кучакташып эле учурашты дейт. 5 саат отурушуптур. Тамак жеп, сыйын көрүп, аягына чейин эле отурушуптур. Бирок этегинде коштошпой туруп кетип калганы чын экен. Бакиевди Кыргызстанга алып келели деген сөз да болбоптур. Президент С. Жапаров айтыптыр: «Биз силердин кеңешиңерге, жардамыңарга муктаж эмеспиз. Тескерисинче силердин кетирген каталарыңарды оңдоп жатабыз. Болгону силер өз тарапташтарыңарды тыйып, тынч отуруп, ынтымакты сактагыла. Эгерде элди козутуп кыйшаңдасаңар анда мага таарынакей жок» деген мааниде сүйлөптүр. Роза Отунбаева гана жаңы киргенде «Бакиев отурган жерге мен отурбайм» деп чырылдап барып, анан тынчыптыр. Атамбаев менен Отунбаева «Кемпир-Абад боюнча камалгандарды бошотуп эле койбойсуңарбы, чек ара маселеси деле чечилип калды» деген оюн айтыптыр. Айрыкча Отунбаева «мен ООНдун Баш Катчысынын өкүлү катары талап кылам» деди дейт.
Жалпысынан ушундай картина.”

Аргумент.kg