Адил Турдукулов: Бизге президенттик система жарашпай турганын Садыр Жапаров деле түшүнсө керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Адил мырза, коррупцияга айыпталып камалгандар “кусуп” беришсе, жеген-ичкенин төлөп коюшса эле эркиндикке чыгып кетишет экен. Ал эми бийликке сын айтып түрмөгө түшкөндөр айлап-жылдап кармалууда. Ушул жагынан калыс карап, адилеттүү таризде ой жүгүртсөк болобу?

— Туура, ошондой болуп жатат. Укук коргоо органдары бир жагынан акчалуу экс-чиновник, үлкөн ишкерлерден акчаны өндүрүү аракеттерин кылышып, экинчи жагынан саясый талааны тазалашууда. Эркин журналист, активисттердин оозун жабуу аракеттерин жасап келишет. Бул илдет ар бир президенттин убагында болуп келген, азыр да жоюла элек. Тескерисинче, күчөдү десек да болот. Бул күч түзүмдөрү дагы деле реформаланбаган, Акүйдүн буйругун аткарган тармак экенин далилдейт. Мындай көрүнүш бир адам бийликти мыкчып алганда улана берет. Ошондуктан өкмөт менен катар күч түзүмдөрү эң оболу парламенттин алдында жоопкер болушу абзел.

— Садыр Жапаров саясый күчтөрдүн башын кошуп, президент катары элибиздин ынтымагын бекемдөөгө, биримдикке чакырууга барса, колдоо табат беле?

— Ооба, “ошондой аракет кылып жатам” таризинде экс-президенттерди чогултканын айтууда. Бирок бул кадам тескерисинче эски жараны ачып, ички араздашууга жол бергендей. Чынында биримдик, элдин ынтымагы мыйзам иштегенде гана болот. Ошондо бийликке да ишеним күчөйт. Анан дагы саясый туткундарды бошотуп, сөз эркиндигине, атуулдук коомго басымды токтотуу зарыл. Ички душмандарды издөө бийликке эч кандай аброй алып келбесин тарых бир нече жолу тастыктады го.

— Учурда жакырчылык күч алып, кымбатчылык курчуп баратат. Жарым жылдан кийинки абалыбызды кандай элестетебиз? Же элди алаксытуу үчүн Садыр Жапаров өкмөттү кетиреби? Дагы кандай убактылуу ыкмаларды колдонсо болот?

— Мамлекетти туш-туштан күтүлбөгөн кризистер каптай баштады. Россияга болгон санкциялар биздин экономикага да терс таасирин тийгизип, инфляция барган сайын көтөрүлүүдө. Конституция боюнча президент жалпы экономикалык абалга, анын ичинде өкмөттүн ишине да жоопкер. Ошондуктан өкмөттү кетирүү менен маселе чечилбейт, башка да косметикалык жасалма кадамдар жыйынтык бербейт. Андан тышкары, жазда чек ара чатагы кайра тутанып кетиши, муну сырткы күчтөр колдонуп калышы да мүмкүн. Андыктан бийлик ичтен душман издебей, саясый консолидацияга жол алып, радикалдуу саясый реформага баруусу зарыл. Президенттик система бизге жарашпай турганын Садыр Жапаров деле түшүнсө керек. Бирок Алмазбек Атамбаев доорундагындай жарым-жартылай, гибриддик президенттик-парламенттик система эмес, күчтүү жергиликтүү бийлик менен катар толук кандуу парламенттик бийлик болушу шарт. Ошондуктан, биз конституциялык реформага сөзсүз баруубуз зарыл. Менин сунушум – облус, район деп жергиликтүү бийликти экиге бөлбөй, аларды 20га жакын аймакка кошуу ыңгайлуу. Анан аймактагы кеңештердин укуктарын кеңейтип, аларга жергиликтүү башчысын шайлоого толук шарт түзүлсө. Ошол эле учурда республикалык деңгээлде парламент эки палата болгону оң. Астыңкы палата азыркыдай эле партиялык тизме аркылуу шайланып, бирок азыраак депутаттардын саны менен… Ал эми үстүңкү палата болсо курултай катары аталып, ротация түрүндө ошол мен айтып жаткан аймактык кеңештин сенаторлорунун атынан түзүлүшү керек. Ошондо биз “маңка”, башаламан башкаруудан арылып, жергиликтүү кызыкчылыктарды эсепке алууга жол ачабыз. Накта элдик бийликти курабыз!

Асланбек Сартбаев

 «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg