
Адамдар шаурмага уулангандан кийин Бишкектеги 10 тез татым жайы жабылды
03-тогуздун айы, 2023-ж // Без рубрики // Айпери ОсмоналиеваБишкектеги эки күндүк текшерүүдө тез
тамактануучу жайларга 568 мин сомдук 36 протокол түзүлдү. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана
мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, 10 тез тамактануучу жайда
косметикалык ремонт жүргүзүлүп, идиш менен жашылчаны жууган өзүнчө раковиналар орнотулмай
болду. Ал эми жумушчулар медициналык көзөмөлдөн
өтүүгө милдеттендирилди.
Эске салсак, Бишкектин жашоочулары 30-сентябрда
ооруканага түшө баштаган. Бир жерден 50, экинчисинен 17 адам ууланган. Чуу жараткан окуядан
кийин дагы төрт адам арызданган. Алар шаурманы башка жерден жеген. Уулангандардын саны улам өсүп отуруп 64ке жетти.
Санэпидкөзөмөл органы текшерүү ишин Свердлов жана Биринчи май райондорунда жүргүздү. Эртен Октябрь жана Ленин райондорунда башталат. Шаарда жалпысынан такай иштеген 200 тез татым жайы бар.
Булак: Аргумент кж