Дүйнө кабарлары

Адам өмүрүн алган коронавирустун жаны штампы дүйнөнү тынчсыздандырып жатат

АКШнын башкы инфекционисти Энтони Фаучи коронавирустун жаңы «мю» штаммы адистердин тынчын алып жатканын билдирди. Бул тууралуу CBS телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

«Анын мутациясында айрым антителолорду буйтап өтчү мүмкүнчүлүгү бар экен. Учурда АКШда башка штамм үстөмдүк кылып жаткандыктан «мю» штаммынын «өнөрүн» көрө элекпиз. Бирок окумуштуулар аны катуу көзөмөлдөп жатышат», — деди адис.
.
Коронаиврустун «мю» деп аталган B.1.621 варианты 2021-жылдын январь айында Колумбияда табылган. Ал АКШ, Перу, Чили сыяктуу 40тай мамлекетке тараган. Август айынын аягында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ага жакшылап көңүл буруу керектигин билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *