Адахан Мадумаров:Бишкекте баңгизатты жарнама кылбаган көчө калбай калды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарында баңгизат жарнама болбогон көчө калбай калды. Бул тууралуу 24-майда Жогорку Кенештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, көчөлөрдүн кесилишинде, үйлөрдө, дарбазаларда, электр мамычаларда бүтүндөй баңгизат жарнамаланып турат.

“Сырттан келген конокторду көчөдөн жетелеп жүрүүдөн уялып калдык. Бүтүндөй баңгизат. Мындай жарнамаларды ким көзөмөлдөйт?”, — деп сурады эл өкүлү.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бул замандын талабына ылайыкташтырылып, баңгизатты сатуунун жаңы ыкмасы экенин айтып, бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Адахан Мадумаров алар менен күрөшүүнүн эң кыска жана каражат талап кылынбай турган эффективдүү жолун сунуштап:  “баңгизат жарнамаланган имарат кимге таандык болсо, ошол имараттын ээсин жазага тартсаңар, заматта жок болот” – деди.

Белгилей кетсек, жыйында “Жарнама жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg