Депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүндө сурак берүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга өздүк булактар ​​билдирген.

Маалыматта, Мадумаров кыргыз –тажик  чек ара маселеси боюнча күбө катары суракка чакырылган.  Буга чейин президент чек арага жакын жерлерди сатуу боюнча иликтөө иштери башталганын, ошол кезде  депутатты шайлоо процессине байланыштуу чакыра албай турганын билдирген. Шайлоодон кийин суракка чакыруу баштала турганын күнөөлүлөр болсо жоопко тартыларын билдирген. Ошондой эле саткындарга кылмыштын эскирүү мөөнөтү болбой турганын баса белгилеген эле.