Ачык сотко чакырам! Абактагы Бекназаров президентке кайрылуу жолдоду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, абакта отурган саясатчы Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анын кайрылуусу Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анын айтымында, Кемпир-Абадчылардын мыйзамсыз түрмөдө отурушканына 100 күндөн ашты. Бул арада 30дан ашык тергөөчүдөн турган ИИМдин тергөө тобу 2-3 жолу гана тергөөгө чакырышкан.

Төмөндө кайрылууну өзгөртүүсүз келтиребиз:

«Мисалы, мени 100 күн ичинде эки жолу гана мыйзамсыз, бир тараптуу дайындалган экспертизанын тыянагы менен тааныштыруу үчүн тергөөчүгө алып келишти. Башка эч кандай тергөө амалдары жүргөн жок. Жөн гана камакта отурам!

Ошол эле учурда 100 күн ичинде мен тарабынан:

— КР Президентине — биздин мыйзамсыз камалышыбызды Конституциянын кепили катары, атайын комиссия түзүп текшертүү;

— КР Жогорку Кеңешине – айрым мыйзамдык ченемдерине чечмелөө же түшүндүрмө берүү;

— КР Конституциялык Сотуна – Конституциянын 66-беренесинин 3-пунктуна чечмелөө берүү;

— КР Башкы прокуроруна – тергөөчүгө келтирилген четтетүүнү чечүү жөнүндө (2 жолу);

— КР УКМКга – айрым адамдарга кылмыш ишин козгоо жөнүндө;

— Биринчи Май райондук сотуна – прокурордун аракетсиздиги жана айрым тергөө амалдарын мыйзамсыз деп табуу жөнүндө эки жолу даттануу, өтүнүчтөрдү келтирдим;

Тилекке каршы биринен дагы ушул күнгө чейин расмий жооп албадым, сотко чакырылбадым.

Ушул көрүнүштүн өзү адамдын мыйзам, сот, укук коргоо органдарынын алдында эч ким эместигин далилдеп, Кыргызстандын эл аралык имиджине доо келтирген факт болду.

Башында бул тергөөчүлөр, прокурорлор Кемпир-Абад маселеси боюнча айткан жеке ой, пикирлери үчүн ондогон адамдарды мыйзамсыз куугунтуктап, жапырт камап, Кыргызстанда адамдын жалпы таанылган тубаса укуктары бузулуп жатканын көрсөтүшкөн.

Эми болсо ошол эле тергөөчү, прокурорлор бир жумадан бери биздин мыйзамсыз козголгон кылмыш ишке кайрадан мыйзамсыз “жашыруун” грифин беришип, Кыргызстандын аброюна кезектеги көлөкөнү түшүрүшүүдө.

Урматтуу Президент!

Урматтуу Жогорку Соттун төрагасы!

Биринчиден.

Бизге козголгон буюртма, мыйзамсыз кылмыш иштин материалдарында же биздин Кемпир-Абад маселеси боюнча айткан, жазган жеке пикирлерде, мыйзам менен аныкталган мамлекеттик же кызматтык сырларды камтыган маалыматтар жок.

Экинчиден.

Кемпир абад маселеси боюнча жеке пикирин айтканы, жазганы үчүн мыйзамсыз куугунтукталгандардын биринде дагы мамлекеттик же кызматтык сыр камтылган “өзгөчө манилүү”, “өтө жашыруун” же “жашыруун” документтерге жетүү мүмкүнчүлүктөрү (доступ) жок.

Үчүнчүдөн.

Андай документтер, маалыматтар аларга кимдир бирөөлөр тарабынан ишенилип берилбеген.

Төртүнчүдөн.

Кемпир-Абад боюнча кылмыш жообуна тартылган адамдар, мамлекеттик же кызматтык сырды алып жүрүүчүлөр эмес.

Бешинчиден.

Кемпир абадчыларга коюлган айып же “Массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү (КЖКнын 36-278-беренелеринин 1-пунту)” КР КЖПКнын 291-беренесинин талаптарына ылайык, жабык сотто каралууга жатпайт!

Алтынчыдан.

Биздин кылмыш ишти мыйзамсыз жабык эшик артында кароо Кыргызстандын имиджин эл аралык деңгээлде түшүрүүчү кезектеги провокация!

Биз мыйзамсыз 100 күндөн ашык камакта отурган Кемпир-Абадчылар эч кандай кылмыш кылууга даярданган эмеспиз! Аны ачык сотто коомчулукка, элибизге далилдөөгө милдеттүүбүз!

Сизди генералдарыңыз, прокурорлоруңуз, юристтериңиз менен бирге биздин үстүбүздөн боло турган ачык сотко келгиле, катышкыла деп чакырам!

Албетте, сот процессинде деле күчтөр тең болбойт. Сизде мамлекеттик машина, күч, чексиз бийлик бар.

Биздин күчүбүз болгону чындыкта. Куралыбыз КР Конституциясы менен мыйзамдары! Ишенгенбиз Жараткан, жалгыз Кудай. Тилегенибиз адилеттүүлүк!

Ачык сотто коомчулук көрүп, угуп тургандай шартта, байыркы Спартакчыларга окшоп өз укугубуз, эркиндигибиз үчүн, сиздин империялык күчүңүз менен укуктук талаада кармашууга даярбыз.

Азимбек Кыргыз (Бекназаров), 31.01.2023-жыл. СИЗО-1

Аргумент.kg