«Ачкачылык жарыялайбыз». Камактагы аялдар коомчулукка кайрылуу жасады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалган жарандык активист Рита Карасартова, Перизат Суранова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматовалар коомчулукка, жалпыга маалымдоо каражаттарына, улуттук жана эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылуу жасашты.

Төмөндө кайрылууну өзгөртүүсүз келтиребиз:

«Биз, саясий туткун-айымдар: Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Перизат Суранова, Орозайым Нарматова бүгүн, 2022-жылдын 14-декабрынан баштап мөөнөтсүз ачкачылык жарыялайбыз. Бизди ачкачылык акциясын баштоого түрткөн негизги себеп — саясатчылардын, активисттердин, журналисттердин жана блогерлердин кеңири чөйрөсүнө карата жасалган массалык саясий репрессиялар, негизсиз кылмыш иштерин козгоо, адилетсиздик жана мыйзамсыздык. 2022-жылдын 23-октябрынан бери биз куугунтуктоо максатында ашынган, оор кылмыш – массалык башаламандык уюштурууга даярданган деген айыптын негизинде абакта отурабыз. Сөз эркиндигине, биригүү эркиндигине, тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигине болгон укукту мыйзамдуу түрдө ишке ашыруу тергөө органдары тарабынан кылмыштуу аракет катары таанылып, ошол эле учурда 23-октябрдан бери тергөө органдары айыпталуучуларга карата эч кандай тергөө амалдарын жүргүзбөгөнү, кылмыш ишинини негизсиз экенин ачык эле тастыктап турат. Ага карабастан Биринчи Май райондук соту бизди камакта калтырууну 2023-жылдын 22-февралына чейин узартты. Кыргызстандын жетекчилиги биздин укуктарыбыз менен эркиндигибизди басмырлоого, саясий оппозицияны куугунтуктоо менен Кыргыз мамлекетинин демократиялык негиздерин системдүү түрдө талкалап жатканын, биздин республикада президенттик авторитаризм эле орноп калбастан, анын эң жаман көрүнүшү — террористик ыкмаларга таянган залимдик формасы орун алууда. Ал эми бүгүнкү күндө биз, Кыргызстандын саясий туткун айымдары, жеке укуктарыбыз жана эркиндиктерибиз гана эмес, жалпыга таандык демократиялык баалуулуктар жана мыйзамдын үстөмдүгү үчүн күрөшүүнүн жалгыз, акыркы мүмкүнчүлүгү катары ачкачылык жарыялоону гана көрүп жатабыз.

Ачкачылыктын мүмкүн болуучу кесепеттери үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана алардын мыйзамсыз буйруктарын унчукпай аткарган тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор жооптуу деп эсептейбиз».

Аргумент.kg