Коом

Абысыным мага атааңдаша берет. Канткенде абысынымдан жогору боло алам ?

Саламатсыздарбын чыгарып бериңищчи. Турмушка чыкканмын 2а й болду. Баягы эле кайын журт. Мени эмнегедир жактырышпайт. Менден чоң абысыным бар. Биз менен чогу турат. Келгенимден бери кайын энеме, кайын атама, үйгө келген меймандарга жаман көрсөтүп бүттү. Күйөөм менен дагы көп уруша турган болдук ушунун айынан. Арабыз алыстады. Кайын энем дагы абысынымдын сөзүнө кирип, мени жаман көрүп калды. Мага дайыма кыр көрсөтөт. Күйөөм жумуштан чарчап келсе олтуруп алышып мени жамандашат. Күйөөм мага айтып келет. Ортодо чайналды. Билесиздер жаңы үй-бүлөөгө, жаңы үйгө келгенде эч нермени билбейт экенсиң. Кызматымды шүгүр жакшы кылам. Бирок мен жасаган жумуштарды дагы, кайын энемдерге мен жасадым деп менден биринчи жетип барат. Мага көп атааңдашат. Кичине бир нерсе болуп калса баарына жаят, бир күн кечке айтат сүйлөнөт.Ушунчалык тажадым. Күйөөм дагы менден тажагансыйт. Кантип абысынымдан жогоруу боло алам? Баарын кантип ордуна коём?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *