
«АБРОЙГО ШЕК КЕЛТИРЕТ». МИРБЕК АТАБЕКОВ ТИКТОКТО АНЫН АТЫН ЖАМЫНГАН АДАМГА ЭСКЕРТҮҮ БЕРДИ
05-тогуздун айы, 2023-ж // Без рубрики // Айпери ОсмоналиеваЫрчы Мирбек Атабеков социалдык
тармактагы баракчасы аркылуу туз эфирге чыгып,
анын атын жамынып ТикТокто отурган адам тууралуу
кеп кылды.
«Мен эфирге чыгууга мажбур болуп жатам. ТикТокто
бир адам менин атымды жамынып, ырдап жатат.
Ишенбениздер. «Ичип алганбы» деген сыяктуу
пикирлер болушу мүмкүн. Ошол маселени кантип чечүү керек? Фейктерге кантип чара көрсө болот?
Адамдын аброюна шек келтирүү деген бар. Органдарга
кайрылып, мыйзам чегинде чара көрүү керек», — деди ал
Булак; Аргумент кж