Абийири жок Абиров мыйзам алдында жоопкерчилик тартышы керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ, 12-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу тарап, коомчулукта катуу талкуу жүрдү.

Мыйзам жазып, мыйзамды көзөмөлдөй турган депутаттын кылыгы ушул болгон соң, башкалардан эмнени күтсө болот?

Айтмакчы, окуя Бишкектеги кафелердин биринде болгон. Видеодон депутат Абиров белгисиз жаранды тегерегинде жүргөн жандоочулары менен көптөп уруп жатканын көрүүгө болот. Бети, башы жарылып таякталган ал учурда ооруканада жатат. Депутат Абиров өзү аталган окуя боюнча комментарий бере элек.

Негизи эле, депутат, министр, деги эле жалпы саясатчылардын репутациясы кынтыксыз болуш керек. Бизде канчалык мыйзам иштейт, бийликтин айткандары канчалык ынанымдуу, аны депутат Жаныбек Абировдун мисалы көрөсөтө турган болуп калды.

Эгер мыйзамдуу өлкө болсок, эл өкүлүнө чара көрүлүшү керек. Президент Садыр Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, Башкы Прокурор Курманкул Зулушевдер үчүн эл алдында мыйзам кандай иштээрин далилдей турган учур.

Колунда токочу бар бала сүймөнчүктүү болуп, мансабы, байлыгы барлар карапайым жарандарды кордой берсин, аларга мыйзамдын тиешеси жок дегендей мамиле болсо, бийликтин кадыры түшөт.

Андыктан Абиров абийир алдында да, мыйзам алдында дагы жанындагы тегеректеп жүргөн чөөлөрү менен бирдей жооп берүүгө тийиш.

Аргумент.kg