Саясат

Абдывахап Нурбаев: «Пиар болобу, же болбойбу – биздин ишибиз мыйзам жазуу»

– Жалпы билим берүү мектептерде 10 жылдан кем эмес иштеген мугалимдерге ири суммадагы каражат берүүнү демилгелеп жатасыздар. Эмнеге 20-30 жыл иштегендерге берилбеши керек?

— Быйыл жогорку окуу жайлардагы педагогика багытындагы факультеттерге тапшырган балдардын республикалык тесттен алган баллдары 130-140ты түзөт экен. Демек, 180-200 балл алган күчтүү жаштар бул кесиптерге окугусу келбейт. Мыйзамдын негизги максаты – жаштарга стимул берип, педагогикалык кесиптин статусун көтөрүү болуп эсептелет. Аларда «окуучуларга билим берип, 10 жылдан кийин үй алам» деген үмүт пайда болот. Сумманын көлөмү 1 миллион сом деп белгиленген. 1 миллион сомго аймактарда үй алганга болот. Долбоордун экинчи көздөгөнү – республикалык жана эл аралык олимпиадаларда 1-2-3-орундарды ээлеген окуучулардын мугалимдерине 3 айлык акыларын сый акы катары берүү болуп эсептелет. Анткени мугалимдер балдарды олимпиадага алып баруу үчүн окуучуну даярдашат, бул сабактан тышкары аткарылат. Ошондуктан алардын эмгеги текке кетпеши керек. Мисалы, 23-24 жашында окууну бүткөн балада «10 жыл иштеп, үй ала алам» деген эртеңки күнгө ишеничи пайда болот.   Себеби, азыр миграцияга кеткендердин көбүнүн максаты үй алуу. Ипотека дегени менен алар алдын ала 20-30 пайызды төлөй алышпайт. Аймактардагы мугалимдердин эң башкы көйгөйү үй болуп жатат. Алар «биз бул айлык менен үй ала албайбыз» дешүүдө.

— Болжолу менен канча сумма талап кылынышы мүмкүн?

— Азырынча суммасы так маалым эмес. Билим берүү министрлигине запрос жөнөттүк. Толук эсептей элекпиз.

— Бюджетте каражат жок да, же долбоордо акча табуу жолдору көрсөтүлгөнбү?

— 2022-жылдан баштап депутаттардын саны 120дан 90 чейин азаят. Мында акча каражаты үнөмдөлөт. Президенттин «өкмөт, жергиликтүү орган, башкаруу органдары, президенттик аппарат 30 пайызга кыскарат» деген буйругу чыккан. Мына ушул жактан үнөмдөлгөн каражат билим берүүгө, мугалимдерге жумшаганга кеңири жетет.

— Бул демилге шайлоо алдындагы пиар же упай топтоо эмеспи? 

— Пиар болобу, же болбойбу – биздин ишибиз мыйзам жазуу. Ошол жумушубузду аткарып жатабыз. Калганы өкмөт менен кызматташуу аркылуу чечилет.

“Азия Ньюс” гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *