«Абдыш-Атанын» 19 жаштагы футболчусу жол кырсыгынан каза болду

«Абдыш-Атанын» 19 жаштагы футболчусу жол кырсыгынан каза болду

19-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын (U-16) мурдагы чабуулчусу Ааламбек Абылкасымов кырсыктан каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунан кабарлашты

2019-жылы 16 жашка чейинки футбол боюнча Азия Кубогунун тандоо оюндарында ал Ливандын курама командасынын дарбазасына эки гол киргизип, 41-мүнөттө 0:2 эсебинде алмаштыруу менен оюндун жыйынтыгын өзгөрткөн.

Ааламбек 2021-жылдын 16-мартында «Илбирс» менен Премьер-лигада дебют жасаган. Жалпысынан ал 12 оюн өткөрүп, эки гол киргизип, бир голдук пас берди. 2023-жылы «Абдыш-Ата-2» командасынын курамасына чакыртылган.

«Футболчу Ааламбек Абылкасымовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!», — деп айтылат маалыматта.

Булак: Аргумент кж