Абдырахман Маматалиев: “Акимдерди аттестациялаганда 44 кишиден 18и өтпөй калган”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы директору менен маек.

— Абдырахман Мадакимович, буга чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орношууну каалагандардын баары МККдан конкурстан өтчү. Эми тандоо, сынактан өткөрүү укугу министрликтер менен ведомстволордун өздөрүнө бериле турган болду. Кандай дейсиз, бул артка кеткендик эмеспи?

— Бизде кадрларды тандоо, мамлекетик жана муниципалдык кызматка кирүүдө баардык жарандарга бирдей шарт түзүү боюнча кошуна өлкөлөрдүн арасында эң алдыңкы орундарга жеткирген жакшы иштер жасалып жаткан. Албетте, конкурсту уюштуруунун мөөнөтү бир аз узагыраак эле, суроолорду түзүү боюнча да бир топ маселелер бар болчу. Талапкерди жумушка алуу бир топ убакытты талап кылган. Мен жаңыдан кызматка келгенде муну өзүм деле сындап, өкмөттүн аппаратына бир топ жаңы сунуштарды берген болчубуз. Мисалы, улуттук кадрлар резервине кириш үчүн адегенде документтерин карап, анан кеңештен өткөзүп, практикалык тапшырма деп ар бири текст жазышчу экен. Биз ушуларды кыскартканбыз. Дагы да кыскартмакпыз. Аңгыча эле өкмөт алмашып кетпедиби. Буларды чочуткан эң негизги себеп, президент бизге тапшырма берип, акимдерди аттестациялоо башталды. Кадрлар резервден гана дайындалып калды. Мурда болсо акимди өкмөт башчы кимди кааласа өзү дайындачу. Анан аппаратта отурган, кадр тандоодон бизнес жасап жүргөн эски чиновниктер бар да, ошолор каршы чыгып, мыйзам даярдап, мен ооруп жүргөн кезде өткөрүп жиберишти. Албетте, артка кетүү болду. Өзүңөр деле анализ кылып көрсөңөр болот. Мага жер-жерлерде иштегендер “жаңы акимдер дайындалгандан жарым жылдан кийин эле жалаң жердеш, тааныштарын жыйнай башташты” деп айтып атышат. Тилекке каршы, биз ушундай жолго түшүп алдык.

— Анда системаны бузбай эле өзгөртсө, жакшыртса болот беле?

— Албетте. Системаны такыр бузуп салбастан, кандайдыр бир алешемдиктер, кемчиликтер болсо оңдоп, жакшыртыш керек эле. Мен жогоруда айтпадымбы, биз оңдой баштаганбыз деп. Анан таптакыр алып салып эле 20-30 жыл мурдагы практикага кайра кайткан туура эмес да. Статс-катчыларды жойгон да туура эмес болду. Алар баардык тепкичтерди басып өткөн, кызматка конкурс аркылуу гана келген жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер эле. Кадрлардык башаламандыкка жол бербей, карап турушчу. Азыр эми министрлер өз билгенин кылып калышты. Министрлердин арасында мамлекеттик кызматтарда көп жыл иштеген, тажрыйбалуу адамдар болсо, анда жакшы. Бирок, бизде министрлер тез-тез алмашып атпайбы…

— Эми кабыл алганына аз эле убакыт болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзам да кайра өзгөрөт окшойт?

— Кабыл алынган мыйзамда мурдагы система бузулуп калды да. Эми айла жоктон өзгөртөбүз деп атышса керек. Мамлекеттик кызматка электен өткөн адамдар гана келчү. Конкурстун, аттестациянын эң негизги максаты – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы кадрдык курамдын сапатын жакшыртуу болчу. Жакшыра да баштаган. Өзү мамлекеттик кызматта иштеп туруп, мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамды билбеген адамдар иштеп атышпайбы… Биз акимдерди аттестациялаганда 44 кишиден 18и өтпөй калды. Мамлекеттик администрация, өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамды, акимдин милдетин билишпейт экен.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg