Абдил Сегизбаев УКМКнын СИЗОсунан УКМКнын ооруканасына которулду. Бул тууралуу маалымат социалдык тармакка тарады.  Сегизбаевдин ооруканага оор абалда которулушунун себеби жүрөк жана башка оорулары себеп болгон. Жакынкы аралыкта ал операция болушу мүмкүн.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратура атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата жалпысынан алты иш тергелип жатканын жарыя кылган. Сегизбаев “Белизгейт” окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде быйыл январда камакка алынган.