Абактан бошотулган Болот Назаровго аргымак мингизишти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сот залынан бошотулган төкмө акын Болот Назаровго анын санаалаштары тулпар тартуу кылышты. Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо фейсбук баракчасында билдирди. Жарыкка чыккан видео тасмада акындын ат үстүндө туруп комуздун күүсү менен жакындарына ыраазычылык билдирип тургандыгын көрүүгө болот. Назаровду өткөн жылдын ноябрында Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жылкы уурдоого айыптап кармаган. Милицияга Беловодское айылынын 54 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, акын анын уулу минип жүргөн жылкыны минип, качып кеткендигин билдирген. Аталган факт «Тоноо» беренеси менен катталып, 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон. Анткен менен Назаров тагылып жаткан айыпты четке кагып келген. Анын айтымында, акын конок болуп Беловодское айылына барган. Ал жактан ага ат тартуу кылышкан. Ал ат өзүнө энчиленди деген ойдо минип кеткен, бирок акын жылкыны издеп жүрүшкөнүн билгенден кийин, өз ээсине кайтарып бергендигин айткан. Ошондой эле жылкынын ээси да акынга доо арызы жок экендигин бир нече жолу билдирген.

Аргумент.kg