Абактагы Орозайым Нарматова эсин жоготуп жыгылды. Анын абалы начар

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди. Маалымат Нарматованын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

«Кемпир-Абад берилбесин!»- деп саясий туткунга алынган Орозайым Нарматова ачкачылык жарыялаганына үч суткадан өтүп, бүгүн 2022-жылдын 16- декабрында саат 14:00 дөр чамасында эсин жоготуп жыгылган. Дарыгерлерди чакырышып дары берип, укол сайышкан. Анын баш ооруусу, аш казанындагы жарасы, муундары ооруп ден соолугу кескин түрдө начарлап кеткен. Ачкачылык карманган үч күндүн ичинде Орозайым Нарматова 4 килограммга арыктап кеткен», — деп жазылган билдирүүдө.

Аргумент.kg