Абактагы күйөөсүнөн улам балдарын өлтүрүп өзү да өлүүгө аракет кылган
13-аяк оона, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваМурунку күйөөсүнөн кутулуш үчүн алгач эки баласын өлтүрүп өзү өлүүгө аракет кылган. Бул тууралуу РИА Новости укук коргоочулардын булактарына таянып жазып чыкты. Маалыматта, Троицкий айылынын үйлөрүнүн биринде үч адамдын өлүгу жатканын полиция кызматкерлерине кабарлашкан. Алар келишкенде беш жашар кыз менен үч жашар уул бала каза болуп, 1989-жылкы аял оор абалда тирүү болгон. Тез жардам кызматкерлери биринчи жардамды көрсөтүшүп жандандыруу бөлумүнө жеткиришкен. Ал эми каза болгон балдардын денесинде бычактын издери болгон. Алар апасынын колунан каза болгонун божомолдонууда. Анткени кошуналарынын айтуусунда аялдын мурунку күйөөсү балдардын айынан абакка түшкөн. Акыркы сотунда ал абактан чыга турган болсо баарын мыкаачылык менен өлтүрө турганын айткан. Узак убакытка сотттолгон мурунку жолдошу кандайдыр бир себептер менен эки жылга жетпеген убакта абактан чыга турган болуп калган. Муну уккандан бери аялы өзун коерго жер таппай жүргөнүн айтышкан. Учурда аялдын абалы оор бойдон калууда.
Аргумент.кж