Абактагы Бузурманкулов кыйноого кабылганын айтып чыкты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кемпир-Абад маселеси боюнча абакта жаткан Айбек Бузурманкулов шарты өтө начар камерага которуп салганын айтып Кыргызстандын Акыйкатчысы Атыр Абдырахматовага жана Кыйноолорго каршы борборго болгон кайрылуусу Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

«2022-жылдын 22-декабрында кезектеги кечки текшерүүдөн кийин себебин айтпай жашап жаткан камерадан башка камерага которуп салышты. Жаңы келген камеранын абалы өтө начар, ичи өтө кир, жарык берүүсү да өтө күңүрт көздү оорутат. Таракандар быжырап ичин толук каптап кеткен. Кыскасы адамдын жашоосуна өтө начар ылайыктанышкан. Психологиялык пытка деп айтса да жарашат. Мындай ыплас, майда, кекчил кадамдарга бийлик, саясий туткундардын эркиндигинен чектелгендигине карабастан СИЗО-1ден да тынбай кат аркылуу, сот процесстеринде чындыкты, өз эркин оюн айтып саясий күрөштү улантып жатканына жолтоо болуп, басым жасап жатат деп эсептейм. Бул майда, кекчил, ыплас кадамдар менен бийлик биздин эркиндигибизди чектесе да оюбузду, сөзүбүздү, ички демибизди чектей албайт. Кыргыз элинин келечеги үчүн чындыкты, бийликтин каталарын көзгө басып айтууларыбызды уланта беребиз. Омбудсмен жана Кыйноолорго каршы борборунун өкүлдөрү камераларыбыздын абалы боюнча келип таанышып, көрүп кетсеңиздер болот.

Бийликтин да байлыктын да ээси -ЭЛ!«- деп айтылат кайрылууда.

 

Аргумент.kg