Аскат Мусабеков, ырчы: «Жүрөгүмдүн ээсин жолуктура элекмин»

-Аскат агай, конуш кут болсун!

-Рахмат. Кудай буйруп ак өргөлүү болдум. Батирдин ремонт иштери бүтөйүн деп калды, жакында көчүп барабыз.

-Демек, чыгармачылык тыныгуудасыз?

Өзүңуздөр билгендей «Камбаркан» фольклордук ансамблинин солистти катары эмгектенип келем. Ансамблдын солисттери эмгек өргүүгө карабай эки ирээт гостролго чыгып келдик. Учурда баарыбыз биргеликте ансамблдын 30 жылдык мааракесине даярдык көрүп жатабыз. Кеч күздө жеке концерт берүүгө бел байлап, ырлар жыйнак китепчемди чыгаруу аракет кылып жатам.

-Эмгек өргөсүнө чыккан ырчылардын көпчүлүгү бир ок менен эки коён атышат. Дегеним, эс алууга барып клип тартып кайтышат?

— Туура айтасыз. Жакында эле Исрадин Аманбаев агабыздын «Айданек» аттуу чыгармасына клип тартып бүттүк. Бир жуманын ичинде эфирден көрө аласыздар. Эмгегим элге жагабы деп санааркап турган учур. Ошондой эле Бек Борбиевдин эл оозуна алынып, ырдалып жүргөн ырына өзгөчө бир идея келип, ошонун үстүндө иштеп жатам. Ырдын атын сыр кылып турайын.

-Репертуарыңыздагы ырларыңыздын дээрлик токсон пайызы ашыктык ырлары. Ата-энеге, мекенге арналган ырларды качан уга алабыз?

-Менин үнүмө лирикалык чыгармалар бап келет. Сүйүү ырларына басым жасаганымдын себебин жаш курагыма байланыштырам. Мекенге, ата-энеге арналган ырларга өтө кылдаттык менен карайм. Жакында эле «Атама ант» чыгармасын Каныкей Эралиева эженин уруксаты менен ырдап чыктым. Эл аябай жакшы кабыл алды. Клипте атамдын басып өткөн жолу чагылдырылат. Бул да болсо атамдын 60 жашына кылган кичинекей белигим деп билем. Май айында Ош шаарына концерт койгону барып, Эламан деген мыкты жигит менен таанышып калдым. Эламандын ыр китепчесин барактап олтуруп «Апама» деген ырын жактырдым. Өзү ырдап чыгууну пландап жүргөн экен, ыры мага буюруду. Ырдын аранжировкасы даяр болуп калды, жакында радиолордон уга аласыздар.

-Балалыктын элесин көз-алдыбызга тарткан «Кара кыз» аттуу ырыңыздын тарыхына токтоло кетсеңиз?

-Сөзү Манас Алымбаевге, обону Кубат Болоткановго таандык. «Кара кызга» чейин Кубат агайдын «Лейли» чыгармасын ырдап чыккам. Эл, өзгөчө жаштар жакшы кабыл алды. Бактылуу балалык көз алдыбызга таркан чыгарма десем жаңылышпайм.

-Устат катары шакирт таптай алдыңызбы?

— Студент кезимен устатым Улукмырза Полотовдун жолун жолдоп, мыкты шакирттерди чыгарсам деген тилегим күч. Улуттук консерваторияны 2010-жылы ийгиликтүү аяктап, университетте мугалим болуп калганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондо Улукмырза агай «Аскат сен уядан учуп, чыгармачылыгыңды түптө. Убагы келгенде шакирт болом дегендер өздөрү келет» деп кеңеш берди. Сааты чыкты көрүнөт, сентябрь айынан тарта таланттуу өспүрүмдөр менен иштешип баштайм. Толук маалыматты социалдык баракчамдан окуй аласыздар.

-Социалдык баракчаңызга түрк тилинде ой толгоолорду жазып каласыз…

— Эл аралык конкурс, фестивалдарга барганда түрк таланттары менен достошуп калдым. Оюмду жеткире албай, ымдоо-жансоо менен түшүндүрүп жаттым. Таланттуу түрк ырчысы дуэт ырдоону сунуштады. Эки элдин талантынын аткаруусундагы чыгармага буюрса күбө болосуздар. Анан түрк тилин үйрөнүү үчүн курстарга бардым, жыйынтыктар жаман эмес.

-Бойдокчулук менен качан коштошосуз?

-«Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» деп коёт эмеспи. Турмуштан бир жаңылгандан кийин көп нерсени ойлонуп, кооптонуп, коркуп калат экенсин. Жүрөгүмдүн ээсин жолуктура элекмин. Маңдайга жазганын көрөбүз.

-Азыркы саясий кырдаалга сиздин көз-карашыңыз?

— Саясий жаңылыктарды окуп, саясатка кызыгам. Бирок «бөдөнөнү сойсо дагы касапчы сойсун деп коёт эмеспи», дегеним саясаттын түбун кер-бей туруп, бакылдап популист болгондон алысмын. Баш-кысы жеке кез-караш менен езумдун позициямды билем.

БУЛАК:Ачык саясат 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу