Семетей Талас уулу: «Атамбаев улуу президентсиз, Руцкая менен тең карыңыз!»

Белгилүү журналист Семетей Талас уулу президент Атамбаевге интернет аркылуу мындай каалоо-тилек айтты:

-Атамбаев Сиз улуу президентсиз! Кыргыз тарыхы Сиздей кыйын башкаруучуну көрөлек эле, бар болуңуз, бай болуңуз. Мультимиллионер эмес миллиардер болунуз. Сиздин байлыгыңыз да 5 млрд долларга чамалап барсын. Сизге сын айткан оппозийлердин оозу Ошту карап, башы Баткенге бурулуп, талпагы Таласка чабылып, жалаягы Жалалабатка жайылып, напсиси Нарынга тартып, чурайы Чүйгө чоюлуп, ышкысы Ысыккөлдөй толкуп калсын. Чеккениңиз Түптүн дүңкү болсун, тепкениңиз немистин Мерси болсун. Руцкая сындуу каражандар менен тең карыңыз. Башыңыз бак кетпесин, оозунуздан вах-вах кетпесин. Аман жүрүңүз, 19-ноябрь күнү көрүшкөнчө сак-саламат туруңуз,-деген каалоосун калтырган.

 

Булак: https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=1293985050678236&id=100002002602834

Аргумент.kg
Жооп калтыруу