Сезим: «Өздөрүнүн пайдасын көрүү үчүн 18 жашымда «арагын» ичирип…»

Оой, убагында суйкайган супсулуу, фигура десе фигура, чекчейген, бетимде оймом бар, көз арткыдай таттуу кыз болгом. Мектепти бүтүп, 16 жашымда музыкалык окуу жайга тапшырдым. Негизи эле, кайсыл жерде болбосун, кайда барбайын бардык жигиттер айланчыктап жанымдан кетпей, гүл тартуулап, сүйүүсүн билдирип эле жүрүшчү. Аларды теңиме дагы алгым келчү эмес. Байкуш апам «эркектин көз жашы жаман, кийин өкүнүп калба, анчейин эле жигиттердин көңүлүн оорутуп, өзүңдү жылдыз сезип асманга учпай, жерге эле түшчү» дээр эле. Мен болсо гастролдон колум бошочу эмес.

Айланамда «мен устат болом» дегендерден көп киши жок!  «Берекем, алтыным» дешип эле бирөөсү көйнөгүмдү оңдой калса, экинчиси бетиме боёк жаба калчу.  Той, концерттен кийин чоңдордун баары мени менен бир түн өткөрүүнү самап турушчу. Башым иштебейт да, карабайсыңбы, ошондо жок дегенде бирөөсүн пайдаланып, бутка туруп кеткидей жардам алсам кана.

Каяктан, аларды кагып-силкип, кыялымды көрсөтүп чыгып кетчүмүн. Кыргызстанды мындай кой, акыркы күндөрү Казахстан, Өзбекстан, Таджикистан, Москва, Истамбул, Япония шаарларына чакыруу келип, даражам көтөрүлүп, машинадан машина алмаштырып тээп калган заман. Мага ашык болгондор колунан келген белектерди тартуулап карегим менен кошо тегеренишчү.  Жадакалса, муздаткычымдан өйдө толтуруп, үйгө жер-жемиш алып берип ийгендер көп. Ий, үйдөн тамак жебей калгам, кудайдын куттуу күнү кафе, ресторан, акча эмне кенен.

18 жашка чыгып бой жеткенимде, тойлордо менден улуураак эже-байкелер арак ичирип, даам таттырып жатышты, мен келесоо «ой, сый — урмат деген ушул экен» деп ичип коём, көрсө ошондо көрө алышпаптыр же болбосо мас кылып тамтаңдатып, бирөөнө салып берип, пайдасын табайын деген максатта экенин кайдан билдим…

Бир күнү бир чоң мааракеге жалаң чоңдор келип концерт койдук. Концерттен кийин мени жетелеп жүргөн устатым — Гуля (аты өзгөртүлгөн) «жүр сени менен бир чоң жерде иштеген «весовой» киши таанышам деп жатат, комузуңду да алып ал, чертип ырдап да калышың мүмкүн. Ай, анан кыялыңды көрсөтпөй, жөн отур» деп жетелеп кетти. Анын бөлмөсүнө барсак жалжаңдаган кыздар, жагалданган эркектер шакаба чегип ичип жыргап отурушуптур. Биз кирээри менен эле орусча «просим, просим» деп суранып калышты. Комузумду күүлөп обонго салып, ырдап баштап келе атсам тиги чоң «токтосоң, кичине сүрдөгөндөйсүң, кел, мобуну алып ийчи дары болот» деп бир рюмка арак сунуп калды. «Жок байке, мен ичпейм, кечирип коюңуз» десем, «ой бизди сыйлабайсыңбы, урматтабайсыңбы, кел эми алып ий» деп жанды койбой, кишини уялткан бир кызыктай сөздөр менен чукулап намысыма тийди.

Жанымда отурган продюсерим «ай, ал эмне болуп жатасың, мени уят кылба» деп чымчып ийди. Ээх, ошондо өзүмдү тим эле акылдуу сезгеним менен бала экенмин да, кыл десе эле кыла бериптирмин. Айла жок аракты алып ийдим. Ачуусун айтпа, кускум келип окшуп даараткананы көздөй чуркап кеттим. Эшикти дагы бекиткен эмесмин, бир убакта артымдан тиги киши келип «жакшысыңбы, ме» деп сүргү берип, бети-башымды сүртүп, белимден кучактай кармады. «Байке, коё бериңизчи» деп дааратканадан чыктым, чыксам эч ким жок. Баары кетип калыптыр, тиги киши артымдан чыкты. Жаман көрүп «жакшы жатыңыз» деп эшикти ачсам бек экен.

Жүрөгүм зырп деп эле эмне кылаарымды билбей, «байке мени жибериңизчи, чарчадым» десем «эмне эле болуп жатасың, келчи, чогуу эс алабыз деп алкымымдан өпкүлөп баштады. «Байке эмне кылып жатасыз, мени коё бериңиз» деп кыйкырсам, «эмне кылсаң ошону кыл, бүгүн сен меникисиң, колуңдан бок келбейт. Мен кудайдан кийинки эле жандыкмын, баары менден коркот, керек болсо сени дагы, ата-энеңди, бир туугандарыңды тирүүлөй жерге көмүп коём» деп мага кол салды. Жатаканасына алып барып, түшүмө кирбегендей зордуктап таштады. Өз иши бүткөндөн кийин «мен чарчадым, эми бөлмөңө кете бер, эртең мен айткан жерге келип ырдайсың» деп жуунганы кирип кетти. Ошентип намысымдан айрылдым.

Анысы аз келгенсип коркондон үнүм да чыкпай, тамагым шишип кетти. Бир жумадай өзүмө келе албай жүрдүм. Түнт болуп эч ким менен сүйлөшкүм келбейт. Өзүмдү акыркы адам катары сездим. Продюсеримди ушундай жек көрүү менен карайм, ал болсо оюна келгендей кайра менин башымды айлантып, ар кайсыны сүйлөп көндүрүп коёт.

Бир күнү алыс тарапка гастролдоп чыгып калдым. Ал жака бир аз кечигип жаткам ошого байланыштуу шашып-бушуп, эртелеп машинамды айдап көчөгө чыктым. Анан эле эмне болуп кеткенин билбейм, көзүмдү ачсам ата-энем жанымда ыйлап отурган экен. Эсимде эч нерсе жок, көрсө мен катуу аварияга кабылып, комада 4 ай жатыптырмын. Мага эч ким күзгү көрсөтпөйт, кыймылдасам бүткүл денем ачышат.

Ошентип алдактап өзүмдү аябай, сактанбай жүрүп чүрөктөй кейпимден да айрылдым. Авариядан кийин 2 жыл төшөктө жаттым. Баякы акыбалымды секунд сайын сурагандын бири жок. «Продюсериме өнөрүмдү уланткым келет» деп чалсам, «бош эмесмин, убактым жок» деп ар кайсы шылтоону айтып, менден колун үзүп кетти. Мени эңсеген эркектер чанып алыстан качат. Ошентип катуу депрессияга түшүп убагында жек көргөн аракты суудай шуркуратып ичип баштадым

Азыр мага эч нерсе кызык эмес. Акчам да, сый-урматым да жок. Мурунку сулуулугумду кайрадан кайтаргым келет!

БУЛАК: bilesinbi.kg

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу