Сегизбаевге иш козгоо тууралуу дагы бир талап коюлду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата кылмыш ишин козгоо тууралуу дагы бир талап коюлду.

Бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Эгембердиев, “Мээр жазы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Ыргалай Бекмуратова жана «Саясий туткундарды коргоо» комитетинин мүчөсү Зульфия Марат ушундай талабын айтып чыгышты.

Эгембердиев “мамлекеттик төңкөрүш аракетин жасаган” деген айып менен соттолгон саясатчыларга айып негизсиз тагылганын, “Белизгейт” окуясында Сегизбаевдин мурда айткан сөздөрү далилденбегенин эскертти:

— Үч күн мурун парламентте каралбадыбы бул маселе. УКМКнын төрагасы эч кандай документ жок экенин айтты. Ошондо эле баары түшүнүктүү болду – мыйзамсыз иш алып барган. Прокуратура иш козгошу керек.

«Элдик парламент» жана «Эл үнү» кыймылдарынын он чакты мүчөсү УКМК козгогон кылмыш иштердин негизинде “бийликти басып алууга аракеттенген” деген негизде 4-20 жылга кесилген.

2016-жылы Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген.

Быйыл 19-сентябрда бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып, УКМКнын азыркы жетекчилиги андай документтерди таба албай жатышканын айтты. Ошол эле күнү депутат Исхак Масалиев Сегизбаев «парламентке келип туура эмес маалымат бергени үчүн жоопко тез арада тартылышы керек» деген оюн айткан.

15-сентябрда “Азаттык” Сегизбаевдин өзү менен байланышканда ал “Биз 2016-жылы ошол маселени көтөрүп чыкканыбыз абдан туура болуптур. Мен элдин алдында тазамын” деп билдирген.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу