Курсан Асановдун аялы сурак учурунда эсин жоготуп койгон

Президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы Кулнара Үсөнканова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак учурунда эс учун жоготуп ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Асановдун шайлоо штабынан билдиришти. «Кечээ аны суракка чакырышты, ал жерде эки сааттан ашык сурак берген. Тергөө учурунда эсинен танып, ооруканага жеткирилди”-деп билдиришкен.Курсан Асановдун  жубайы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан мурда козголгон алдамчылык ишине байланыштуу суракка чакырылган.


Сиздин пикир