Башы талкаланып каза болгон адамдын денеси тоңуп калган

Баш сөөгү талкаланган жансыз адамдын сөөгүнүн ким экени аныкталып, шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирген.

Алардын маалыматы боюнча, 30-декабрь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Шопоков шаарынын көчөлөрүнүн биринде эркектин сөөгү  жатканы тууралуу тургундар маалымат берген.

Сокулук РИИБинин кызматкерлери айтылган дарекке барганда 20-25 жаш курактагы маркумдун сөөгүнө күбө болушкан. Маркумга экспертиза кылганда жыйынтыгында денеси тоңуп, баш сөөгүндө талкаланып кеткен. Ошондой эле көкүрөгүндө күйүктүн белгилери болгон. Азырынча өлүмдүн келип чыгуу себептерин аныктала элек. Бирок бул кылмышка шектүү делип Сокулуктун тургуну 33 жаштагы адам кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.


Сиздин пикир