Самара Каримова: Министр мени кызматка коюууга милдеттүү…

Мындай пикирин ырчы жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

“Ооба, сиздерге чыгып кеткен маалымат чын. Мени мыйзамсыз иштен алышкан. Андыктан министрликти сотко берип утуп алдым. Соттун расмий чечими чыкты. Буюрса кайра Оштогу Ныязаалы атындагы музыкалык окуу жайга директор болуп барам. Министр мени кызматка коюууга милдеттүү. Мени жөн жерден кызматтан алып койгон болчу. Ал эми жазылып жаткан нааразы пикирлердин баарын бирөө буйрутма берип жатат. Ар ким колунан келген ишти жасай берсин. Мен эч кимге жамандык каалап бут тоспойм”,-дейт ырчы.

Эске сала кетсек, 2018 жылы Самара Каримова Оштогу Нияззаалы Борошев атындагы окуу жайга директор болуп дайындалып бирок, кооомчулуктун нааразычылыгынан улам министр тарабынан иштен алынган.


1 пикир

Сиздин пикир