Жаш жубайлар таксисти өлтүрүп, машинасын өрттөп салышкан

Такси менен уруша кетип жаш жубайлар аны өлтүрүп сөөгүн сууга ыргытып машинаны өрттөп ийишкен. Бул тууралуу Новосибирск шаарынын ИИБ билдирген. Алардын маалыматына таянсак, Новоиткульск айылынын четинде жатканын полицияга жашоочулар билдиришкен. Полиция кызматкерлери өрттөлгөн машина 68-жаштагы Бабариндик жаранга таандык болуп, ал жумушка чыккан бойдон үйүнө кайтпаганын билишкен.

Тергөөчүлөрдүн айтуусунда, кылмышка шектүү делген жаш жубайлар болуп чыккан. Алар ал күнү таксиге түшүп конокко алыскы туугандарыныкына жөнөшкөн. Жолдо таксист менен 29-жаштагы жаран уруша кетет. Кызуу кандуу жаран такситин мойнуна ботусунун боосун чыгара калып муунтуп, башка ургулай баштаган. Жандалбастаган адамга алы жетпей бара жатканда 20-жаштагы келинчегине жардам бер деген. Жубайы таксисти машинанын салонундагы төшөк менен думуктуруп кирген. Качан таксис дем албай калганда гана алар анын денесин скоч менен ороп Иткул көлмөсүнө салып ийген. Машинаны 500 мертдей алыс айдан барып өрттөп ийип из жашырып кетишкен. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ARGUMENT.KG


Сиздин пикир