«Жолдошум акчага көөп, мени көзгө илбей, жаш кыздар менен жүрүп кетти, эмне кылсам?»

«Ичимде азап, көзүмдө кайгы. Көп нерсе айтып бергим келди. Себеби эскергенге, көз жаш төккөнгө арзыбаган күн­дөр. Жүзүм жашка жуулганча ыйласам да бөксөрбөдү» деп кебин баштады орто жашап калган каарманым Жанара эже.
– Бул окуя мурунку Союз учурунан башталат. Айбек карапайым колхозчунун баласы эле. Өзүнө тартып турган жүзү, келбети, жүрүм-туруму деле жок. Ак кө­ңүл болгондуктан жактырчумун. Мектептеги балдар мыскылдашса аларды кө­ңү­лүнө албай күлүп кутулчу. Аны башка балдар сыяктуу кайрат­туу, сөзмөр, тарсылдаган чы­ныгы эркекке тийиштүү мү­нөздөргө ээ болгон мырза катары көргүм келчү. Ошентип мектепти бүтүп, мен шаарга окууга кеттим. Жайкы каникулда үйгө барып, Айбек экөөбүз бир топко сүйлөшүп отурдук.
– Эптеп окуп алсаң болмок…
– Кайдагы окуу, улуусу болгондуктан үйдө калышым керек. Бөбөктөрүм менен төшөктө жаткан атамды жалгыз апама таштап кайда барам?
– Анда үйлөн да, келин­че­гиң апаңа каралашат, сен иш­тей­сиң.
Биздин ошондогу сүйлө­шүү­бүз мени көпкө ойлонтту. Шаар­да жүрүп Айбекке телеграмма жибердим. «Шаарга кел. Жу­му­шуңа жардам берем. Кыймылда да эркекке окшоп…» деп жазып жибердим. Көп өтпөй эле келип калды. Институттун буфетине жумушка киргиздик. Пирожки бышырып, чай ташып, буту бутуна тийбей иштеп жатты. Ошентип үй-бүлөсүн бага баштады. Кайда барсак да бирге барып, бир туугандай болуп калдык. 3-курсту аяктап жатканымда мени алысыраак тууганыбыздын баласына турмушка беребиз деп калышты. Бир күнү Айбек мас абалында келип, «Мен сени сүйөм! Сени алайын, мени таштап кетпечи. Мага баарын үйрөттүң, эми жашоомду сенсиз элестете албайм. Сен кетсең, мен кантем?» деп эжелеримдин көзүнчө ыйлап жиберди. Мени ошол учурда тилден калтырган анын «сени сүйөм» деген сөзү болду. Атам менен апам «Айбекке бербейбиз»дейт. Мен болсо кайсы жол менен кетишимди билбей башым катты. Айбекке болгон сезимим бар экенин байкадым. Көз алдыма ал экөөбүздүн бактылуу күндөрүбүз, ынтымактуу жашообуз гана тартылып туруп алды. «Өз жашоомду өзүм чечем» деген принцип менен туугандардын астында бетим кызарбай, «мен Айбекке турмушка чыгам» деп айта салдым. Той да бербедик. Тууган-урукту топтоп батасын алдык да, шаарга жөнөп кеттик. Күндүз окуп, кечинде Айбекке жардам берип буфетти тазалап, полдорун жууйм. Түн жамынып экөөбүз жетелешип, ар нерсени кыялданып үйгө келебиз. Кээде ачка-ток калып жүрдүк. Ошол учурда Союз тарап, биз эле эмес, эл да кыйналган күндөр башталды. Төшөккө чүмкөнүп жатып алып, «бир учурлар келип биз да жылуу үйдө май чайнап жаткан күнүбүз келет, мын­дай кыйынчылыктар бизди ажырата албайт, баарын биргеликте жеңебиз» деп сууктан муздаган илептерибиз менен араң үн чыгарып сүй­лөшчүбүз. Кудай бизди эч качан айрыбаса экен, балдарыбызды чоңойтуп, үй­лөп-жайлап койгондон кийин оору-сыркоосуз ушинтип жетелешип турган боюнча тиги дүйнөгө да бирге кетсек деп жашып алчубуз. Уулдуу болдук. Тиричилик деп кылбаган ишибиз калган жок. Бир күнү Айбек:
– Жанара, бизди бат байыта турган, туруктуу бизнес ачайын деп жатам,- деди.
– Кандай бизнес? Аны ачуу үчүн да канча чыгаша болорун билесиңби?
– Сен унчукпай тур, алдыда көрөсүң баарын.
Ошентип жолдошум базардын так ортосунан бир жай таап, ал жерге мончо ачты. Дагы кардар чакыруу үчүн сойку кыздарды алып келип иштете баштады. Кийин чоңойтуп сауна кылып алдык. Үйлүү, машиналуу болуп, бат эле бутка турдук. Бирок үйүбүздөн бакыт, ынтымак кетти. Жолдошум акчага көөп, мени көзгө илбей, жаш кыздар менен жүрүп алды. Муздак батирде бири-бирибизди кучактап, сууктан титиреп араң сүйлөп куру кыялданган күнүбүздөн башка бактылуу күндү эстей албайм.
Менин «эркекке окшоп» деп айткан сөзүм кайра өзүмө муш болду. Бир нерсе десем «мен да эркекке окшоп басып жатам, ичип жатам, жүрүп жатам» дейт. Канчалык күч­түү аял болсок да, биздин эң талуу жерибиз жолдошубуз болот экен, азыр баламдын келечеги үчүн гана жашап жатам. Бир күнү уулум ооруп калып, күйөөмө телефон чалсам«кырчындай кыздар турганда, сени менен жашап не кылам?» деп мас абалында ырдап жатат. Ары жакта
каткырган үндөр. Ичим күйүп кетти, баланын ооруп жатканын айта албай ыйлап жатсам, ого бетер каткырып күлөт. «Сени бул даражага жеткирген ким эле?» деп көзүн ачкым келет, бирок… Күндөн күнгө жан дүй­нөм жанчылгандан жанчылып барат.

gezit.kg

 


Сиздин пикир