Күйөөм менен бейиште да бирге болгум келет, ал башканы ойлойт…

Мен дуба кылганда “жолдошум менен эки дүйнө чогуу бактылуу бололу, бейиште да бирге бололу” деп тилейм. Бирок, тилеке каршы, жолдошум башканы жактырат. Бейиштеги жашоосун да ошону менен бирге болууну элестетсе керек…

Ар күнү жакшы жашоону тиленем, дуба кылам. Аны оюндагыдай аял болууга аракеттенем. Көп ушактарды уксам дагы кулагымдын сыртынан кетирем. Ал дагы мен ойлонгондой ойлонсо, тиленсе, оюбуз бир чыгып, бактылуу болуп, ийгиликтерди жаратмакпыз. Анын ою болсо талаада. Курбуларым эркектин көзүн караган сайын жактырышпайт. “Ажаан бол” дешет. Ажаан да боло албайм.  Кандай кылаарымды да билбейм.

Багимай

Арыба.кж


Сиздин пикир