ВИДЕО-Ысык-Көлдө 150 миң сом акча алып, кетип бараткан блогер жолдон кармалды.

Ысык-Көл облусунда башка адамды опузалап акча талап кылууга шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Турмуш.кж билдирди

Маалыматка караганда, 27-июль күнү УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 57 жаштагы К.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында ага белгисиз адам компромат маалыматтарды ачыкка чыгарбаш үчүн андан 200 миӊ сом акча талап кылып жатканын билдирген. Аталган факт УКМКда Жазык кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап акча талап кылуу) менен катталып, Жазык-процесстик кодексинин 153-беренесинин (тергөөнүн караштуулугу) негизинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн материалдар Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Иликтөө иштеринин натыйжасында акчаны талап кылып жаткан адамдын өздүгү аныкталды. Ал Каракол шаарынын 49 жаштагы тургуну Б.А. болуп чыкты. Шектүү 30-июль күнү Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалды. Анын унаасынын ичинен жактоочунун катышуусунда далил зат катары 150 миӊ сом өлчөмүндөгү акча табылды. Кармалган адамдын баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБде 48 саатка камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү адамдагы компромат материалдардын далилдери да текшерилет.

Жакында социалдык тармактарда блогер Асылбек Бектонов (социалдык тармактарда Асылбек Абдрахманов) кармалганы жөнүндө маалымат тараган. Ал «Ачык саясат» жана «Эл Деми» гезиттеринин штаттан тышкаркы кызматкери болуп иштегени айтылууда.

 

 


Сиздин пикир