ТАГДЫР- «СИҢДИМ ЭКӨӨБҮЗ БИР АДАМДАН ТӨРӨДҮК»

“ӨГӨЙ АПАМ СИҢДИМДИ УРУП, АЛ СҮЙЛӨЙ АЛБАЙ КАЛГАН»

– 1-класста окуп жатканда апам каза болуп, 3 жаштагы сиңдимди боорума кысып кала бердим. Ал учурдагы тарткан кайгы-азапты эстегим келбейт. Атам алган аялдарынын бизге кылган орой мамилесинен улам экөөсү менен ажырашты. Экинчи апабыз сиңдимди уруп, коркута берип сүйлөй албай калганда таенем алып кетти. «Мени да алып кетсе экен» деп көзүмдү жалдыратып кала бердим. Баладай болуп ойноп-күлгөн күндөрүмдү деле эстей албайм. Андай учур деле болбоду окшойт. Классташтарым дүкөндөн бир нерсе алып жеп жатса оозумдан кара суу агып кетчү эле. Кысылып жүрүп мектепти аяктадым. Классташтарымдын баары окууга тапшырып, шаарга кетип жатышты. Мен дагы окуйм деп айта албай түйшөлүп жүргөнүмдө таякем «окутам» деп шаарга алып келди. Ойлогонум ишке ашып, медициналык окуу жайга тапшырдым. Туугандарыма жүгүмдү артпайын деп жатаканага чыгып, сабактан кийин кафеде официант болуп иштеп, окуумду да ийгиликтүү аяктадым. Анан борбордогу ооруканалардын бирине жумушка орноштум. Бир күнү автокырсыкка кабылып бир жигит ооруканага түштү. Ийне сайып, сакайып кеткенче карадым. Ал мени тамашакөйлүгү менен арбап алды. Ооруканадан чыккандан кийин шаардын четине стол даярдап, романтикалуу кечки тамакка чакырды. Өзүмчө толкунданам десең, бутум жерге тийбей учуп алгам. Өмүрүмдө биринчи жолу жигит менен сүйлөшүп жатканымдан ошентсем керек. Ошол күндөн тартып анын тамашасын, күлкүсүн бир күн укпасам куса болуп калчумун. Караанын алыстан көргөндө жөн басып барбай, чуркап жеткенге шашат элем. Анын бооруна кирип эркелегим келчү. Энемден албаган мээримди андан алдым. Бир жыл сүйлөшүп, анан баш коштук. Өз алдымча үй-бүлө күтүп, мени коргогон адамым пайда болгонуна кубанып жүрдүм. Жыл айланбай балалуу болдук. Эне мээримине балкып, жолдошума болгон сүйүүм мурдагыдан дагы артты. Бир күнү таенем чалып сиңдимди окууга жиберерин айтты. Акча тартыш болгондуктан «бир жыл баламды карап тур, кийинки жылы окутабыз» деп көндүрдүм да, жумушка чыгып алдым. Баламды карап, үйүмдү жыйнап колум бир топ узарып калды.

«ЖОЛДОШУМ СИҢДИМДИ КОЛДОНУП ЖҮРҮПТҮР»

– Бир тууган сиңдим келип сүйүнүп эле калдым. Бирок өспүрүм куракта болгон үчүнбү мүнөзү бир аз түнт, оңой менен чечилип сүйлөбөйт. Жумушка үч күн кечинде, үч күн күндүз чыкчумун. Мен жокто баламды карап, жездеси менен жакшы тил табышканын көрүп сүйүнүп калам. Сиңдим келип түгөл үй-бүлө болгонума кубанып, көп нерсеге көңүл бөлбөй жүрө бериптирмин… Жарым жылдай убакыт өткөн соң сиңдимдин кош бойлуу экенин билдим. «Кимден экенин ачык айт» деп бурчка такасам, «жездем…» деп мукактанып ыйлап жиберди. Башыма таяк менен чапкандай нес боло түштүм. Кантип деп өзүмө да, сиңдиме да суроо бердим, ызаландым, ыйладым. Ачууга алдырып сабадым. Жолдошумду каргап, өзүмдүн жанымды кыймакчы болуп, анте да алган жокмун. Жолдошумдан «итчилик менден кетти, кечир» деп башын шылкыйткандан башка жооп чыккан жок. Ажырашып кетейин деп кайра баламды атасыз өстүргүм келген жок. Сурагандарга «сиңдимди боозутуп койду, ошого ажыраштым» демек белем. Айла жок, кечирдим. Дарыгерге алып барып көрсөтсөм, «3 айлык боюнда бар» деди. Нес болуп жүрүп сиңдимдин ай-күнү жеткенин билбей да калыптырмын. Ал кыз төрөдү. Туугандарга билгизбей өзүбүзгө каттатып алдык. Азыр өз баламдан кем көрбөйм, атасы да кызына жакын. Болгон азап-кайгыны анын бир жылмаюусу жууп кетет. Сиңдимди болсо окууга тапшыртканбыз. Жакында эле сүйлөшкөн жигити менен тааныштырды. Ата-энеси таенемдердин алдынан өтүп, сөйкө салып кетишти. Ал жигит бир тууганымдын кызы бар экенин билбейт. Кийин билип калса кечиреби? Чындык баары бир калкып чыгат эмеспи, кызы өз апасы тууралуу билсе эмне кылам? Азырынча берер жообум жок.

Булак: super.kg


Сиздин пикир