ВИДЕО-Талас облусунун жетекчисинин кеңешчиси мас абалда велосипедчен жигитти сүзүп, тургундар аны тилдеди

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Марслатбек Шералиев мас абалында жол кырсыгына кабылды.

30-июль күнү Көк-Токой айылында 53 жаштагы айдоочу Марслатбек Шералиев «Тойота Фораннер» унаасы менен велосипедченди сүзгөн. Жол чети менен бара жаткан велосипеддеги 26 жаштагы А.А. ооруканага жаткырылды. Андан соң айдоочу «Мерседес Гигант» жүк ташуучу унаасына барып кагылган.

Шералиев Марслатбек -Улуттук коопсуздук кызматынын запастагы подполковниги.

2017-жылы Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиевдин кеңешчиси болуп дайындалган.

Бирок Талас облустук администрациясы Марслатбек Шералиев облус жетекчинин расмий кеңешчиси эмес деп төгүндөөдө. Ал коомдук башталгычтагы жардамчы катары келип жүргөн, ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси деген штат жок экени айтылат.

 

 


Сиздин пикир