Дайынсыз болуп жаткан Айтурган Бишкектин аянтында сейилдеп жүргөн

 

Дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова табылды. Ал Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан, 30-июль күнү Бишкектин Ала-Тоо борбордук аянтында сейилдеп жүргөн жеринен табылды.Бул тууралуу Элдик медиа билдирди

Өзүнүн айтымында, ал ата-энеси менен урушуп үйдөн чыгып кеткен.

Ош шаарында жашап жаткан Айтурган Өмүрбекова 5-июль күнү саат 20:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Ошол бойдон жүргөн жери белгисиз болчу.

Айтурган 5-июль күнү болжол менен саат 20:00дө үйдөн чыгып кетип кайтып келген эмес.

 


Сиздин пикир