Акылбек Жапаров мамлекеттен алган 250 миллион кредитин качан төгөт?

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун иштебеген кызматы деле калган жок. Экономиканы тээлеген биринчи вице-прьмер министри да болду,  экономика жана финансы министрлигин башкарды. Бакиевдин учурунда жакшы эле жылдызы жанды.  Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Чудинов премьер-министр болуп турганда мамлекеттен 250 миллион ссуда алган имиш. Андан кийин бийлик алмашып Бакиев качат. Акылбек мырза 2010-жылы “Ар-намыс” партиясы менен депутат болуп шайланат. Андан соң  партиянын квотасы менен кайрадан экономика министри болуп дайындалган.   Экономика жагын тээлеп турган жогорку кызматта отуруп  кредитин улам жылдырып келгени айтылып калат. Акылбек Жапаров мурунку  жетекчиси Чудинов экөө 2015-жылы “Бир бол” партиясынан кайрадан парламентке депутат болуп келет.  Атамбаевдин учурунда  Бакиевдин тушундагы жетекчилерге кылмыш иштери козголгон. Чудиновго кылмыш иши козголуп, сот аны мандатынан ажыратат. Чудинов аркылуу кылмыш иши Жапаровго жеткенде бийлик алмашып кетет.  Амалкөй Жапаров жаңы келген бийликтин тилин таап бас-бас болгон дешет.

ARGUMENT.KG


Сиздин пикир