СҮРӨТ-Дюшеновдордун үй-бүлөсү ооруканадагы дарыгерлерге тамак таратууда

Мамышова Гүлүм Кыргызстанда пандемия күчөй баштаган кезде,кантип элиме,өлкөмө жардам берсем деп ойлоду.Учурда АКШда жашап жаткан таанышы Акакова Салкынай менен бул оюн бөлүштү.Салкынай Гүлүмдүн демилгесин колдоду.Колунан келген акча каражаттын жөнөттү.Ошентип Бишкек шаарында жана тегерегиндеги ооруканаларда иштеп жаткан дарыгерлерге тамак жасап берүү башталды.

“Экөөбүз чогулткан акча бат эле түгөндү,ошондо кызым Дюшенова Шириндин интернет тармактарын колдонуусу жардам берип кетти”

 

Ширин Дюшенова үй-бүлөсү жасап жаткан ишти баяндап,соц тармактарга жайгаштырды.Колдонуучулар  бат эле Ширин менен кабарлаша баштады.Кээ бирлери тамак-аш продукталарын алып келсе,айрымдары  Элсомго  каражат которо баштады.Мындан аркы демилгени Ширин өз колуна алды.Тамакты даярдоого  жардам бере турган ыктыярчылардын тобу түзүлдү.Алар үчүн иш жетиштүү.Маселен: 2,5 мүшөк картөшканы арчып туураш керек.Жардамчылар тез эле келип,иштеше баштады.Жардам бергендердин арасында белгилүү шоумен Бакыт Байсариев да бар.

“Бир биз топ ооруканаларга тамак-аш жеткиребиз.Мен түшүнгөндөн борбордон чет жактагыларга жардам көп барбай калат экен.Ошондуктан Кара-Балта,Кант,Токмок шаарларына жеткизип баштадык“-дейт Ширин

Дайыма жардам берип жүргөндөрдүн  арасында Сайфутдин кызы Назик,Ишимова Анара,Аширматов Азирет да бар.

Маселен: Сайфутдин кызы Назик ооруканаларга күндө 100дөгөн порция тамак таратат.

Ширин баардык  нерседе тактык керек экендигин түшүндү.Күн сайын тамакты  тараткандар видео жана сүрөт отчетторун жөнөтүп турушат.

Атасы Дюшенов Кубанычбек  жана бир туугандары менен колунан  келген  жардамдарды берип турат.

Булар кудай буйруса Кыргызстанда  илдеттин  ахвалы оңолуп баратканын билип турушат.Жана да өлкөнүн бул  оорудан кутулушун тилек кылышат.Учурда медицина кызматкерлерге болгон  жардамын улантуушуда.

Айпери Осмоналиева

Argument.kg

 


Сиздин пикир