Р. ОТУНБАЕВА: “КЛОУНАДАҢАРДЫ” ТОКТОТКУЛА! ЭМНЕГЕ МАЕВСКИЙДИ КАМАБАЙСЫҢАР?”

Өмүрбек Текебаевдин сотунда Роза Отунбаева агынан жарылды. Ал соттор адилеттүү болбой жатканына нааразы экенин билдирди.

“Эмнеге Маевскийди камабайсыңар? Кызыл килем менен алып келип, күбө жатасыңар. 1 миллион пара берди деп аны дагы энеге камабайсыңар? Бул сот “клоунада” болуп жатат. Муну токтоткула! Силер ойлобогула, бүгүн кылгылыктын баарын кылып, анан Атамбаевдин артына жашынып калабыз деп. Ар бир кылганыңар үчүн прокуратура кызматкерлери да соттор да жооп беришет!”-деди Отунбаева.

Сот залында отургандар кол чаап, экс-президентти колдошту.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу