Рыскелди Момбеков: «Кандайдыр бир деңгээлде Иса Өмүркуловтун да күнөөсү бар» (видео)


Акыркы эки күн ичиндеги КСДП партиясындагы тынч эмес абал элдин бүйүрүн кызытты.
31-октябрь күнү кечинде КСДП партиясынын саясий кеңеши партиянын парламенттеги фракциясынын лидери, депутат Иса Өмүркуловду партиянын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ага жооп катары 1-ноябрь күнү эртең менен Иса Өмүркулов журналисттерди  маалымат жыйынга чакырып, кечээги саясий кеңештин отурумуна чакырылбаганын айтты.

Бул тууралуу КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков партиядагы саясий чечимдер боюнча оюн билдирди.

Мен саясий кеңештин мүчөсү эмесмин.Мен партиянын катардагы мүчөсүмүн.Саясий кеңештеги маселелерге аралашканым туура эмес болуп калат.Бирок,катардагы партиянын мүчөсү катары пикириңизди билгибиз келип атат десеңиз ал мындай. Саясий кеңеш чечимди кабыл алгандан кийин партиянын басма сөз кызматы аны жарыялаш керек болчу.Алардын айтымында 18 депутат катышкан,кворум болгон. Депутаттардын ону өздөрү катышкан,ал эми сегизи тил кат менен катышкан. Чечим кабыл алууга негиз болгон. Кворум болгондон кийин мыйзамдуу талаптар сакталган деп атат.

Иса Шейшенкуловтун айтымында «бул 7-8 гана «кучка»- деп айтып атат. Антип айтканы туура эмес. Анткени алар бир кездерде жанында жүргөн санаалаштары да. «Кучкага» киргизгени туура эмес. «7-8 киши менин тагдырымды чечип койгону туура эмес,мен буга макул эмесмин.Бул легитимсиз»-деп атат.Легитимдүү же легитимсиз экенин Иса Шейшенкулович сот аркылуу далилдеп алса болот.  Дагы «Алар мени чыккынчы деп айтышты. Мен эмес,мени партиядан чыгарган кишилер чыккынчылар»-деди. Эми ким чыккынчы экенине тарых баасын берет. Бирок, убагында ага сот баасын бериш керек. Чыккынчылык  жөнүндө маселе азыр аныкталбайт.Бул эми талаш маселе. Мындайга жеткирбесе болмок.

КСДП партиясынын саясий кеңешинин чечими легитимдүү же легитимдүү болбогонун далилдегенде деле, кворум болбогон күндө деле чогулган адамдардын нааразы болушу Иса Шейшенкуловичке чоң сабак. Демек,Иса Шейшенкуловичтин да кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар экени байкалат.

Буга чейин Кожобек Рыспаевдин маселеси көтөрүлдү. Андан мурда Жанар Акаев фракциядан чыгарылган, партиядан чыгарылган эмес. Бирок, фракциядан чыгаруу жөнүндө мыйзамда жок, Жогорку Кеңештин регламентинде каралган эмес. Ал легитимсиз. Фракциядан чыгара албайт,партиядан чыгарса болот. Моралдык жагынан караганда комитеттин төрагасы  болуп калганга акысы жок.

https://youtube.com/watch?v=InScioYbbyM

Булак: Govori.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу