Кечээ Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда КСДП фракциясынын депутат Рыскелди Момбеков Казакстанда болгон конгрессте Кыргызстандын өкмөтү Россиялык ишмер Андрей Бельянинов тарабынан ыңгайсыз сынга кабылганын айтып чыкты. «Казакстанда болуп өткөн ал конгрессте Россиялык ишмер Андрей Бельянинов Кыргыз өкмөтүн сындады. Сындады десем сылык болот алар бизди басынтты! Бирок, биздин өкмөттөн андай пикирге карата эч кандай жооп бере алган жок. Бельянинов болсо «Кыргызстандын өкмөтү алмаша берип, биз адаша берип, окута берип чарчадык. Акча берейин десең долбоору жок. Түшүндүрөйүн десек түшүнүгү жок түркөйлөр иштейт» деди. Эгер биздин Өкмөттүн ар-намысы, кадыр-баркы болсо жооп бермек», -деди Р. Момбеков. Ошону менен бирге депутат Өкмөт башчынын Көчмөндөр оюндарында англис тилинде сүйлөгөнүн да сынга алып өттү. «Англис тилинде сүйлөгөнү өкмөткө эмес, өзүнө жакшы. Эл үчүн англис тилинде эмес, эне тилинде сүйлөгөн Өкмөт керек. Эл үчүн экономиканын тилин билген премьер-министр керек», -деди эл өкүлү.
Депутат Р. Момбеков ошондой эле Бишкек калаасынын азыркы башчысы Азиз Суракматовду да бутага алып өттү: «Бишкектин мэрин карагылачы, кимди алып келдиңер? Өткөндө Равшан Жээнбеков досум «беш жыл депутат болуп бир да жолу сүйлөгөн эмес» деп кыйкырып жүргөндө таң калып, беш жылда бир да жолу сүйлөбөгөн кишини Гиннеске киргизиш керек экен деп койгом. Көрсө депутат болуп келгенде, ант бергенде сүйлөптүр. Бишкек мамлекеттин борбору болгондон кийин макамы бар, демек мамлекеттик тилди билген кишини алып келиш керек болчу. Чала тилди эмес, чарба тилди билген кишини алып келиш керек эле. Биз эмне кылдык?» — деп суроо салды.
Булак: «Айгай-пресс»