Рыскелдинин “единицасы” түгөнсө, Таластын мэри кызматтан кетеби?..

Кыргыз парламентинин «клоунуна» айланган Рыскелди Момбеков деген депутат бар эмеспи. Биринчи класстын баласынчасынан жаттап алган жамак сөзү менен элдин көңүлүн өзүнө буруп, айрым учурларда «тескери учкан жагалмайлыгын» карматып турат. Бул депутатыбыздын басып өткөн өмүр таржымалы да кызык.

Шаарга жаңы келгенде «разнорабочий» оолуп жүруп эле 2003-жылы КМУУдан «юрист» деген дипломду алып чыккан жайы бар. Бирок, эң кызыгы Момбеков менен чогуу окуган бир да адамды ит менен издеп табуу мүмкүн эмес. Атүгүл акыркы кездерде Момбековдун диплом номери менен кайсы бир орус жигиттин диплом номери окшош чыккандыгы тууралуу кызык кептер тарады. Рыскелди мырза буга ынанымдуу жообун айта элек.

Билимди окуп алдыбы же акчанын күчү менен «токуп» алдыбы ал башка сөз деңизчи, биздин айталы дегенибиз башка. Рыскелди мырза элде жок «өнөрдүн» орусча айтканда «шабашканын» устаты экендигин жакындан билгендер айтууда. Мурун көп деле байкалбаганы менен мындай «өнөрү» Жогорку Кеңештин депутаты болгон кезде абдан эле «өркүндөдү» дешет. Дегенибиз, Рыскелди Момбековду кичи мекени болгон Таласта «отдел кадр» деген каймана ат менен атап алышкан. Анткени ал облустук жетекчилерден баштап, айыл өкмөттүн катчыларына чейин кийлигишип, жергиликтүү аткаминерлерге «сөөмөй кезеп», акысына «шыбагасын» алып анан адамдарды кызматка дайындатат экен.

Таластыктар да муну илгиртпей түшүнүп, кызмат керек болсо эле «Ыпынга баралы» (Рыскелдини жердештери Ыпын деп тергешет) деп обдулуп турат дейт. Мейли, иштебей аткан жетекчи болсо аны алмаштырсын, бирок, бирөөнү кызматка коюш үчүн адамдын тагдыры менен ойнобош керек да. Момбеков мындай «отдел кадр» кызматы үчүн оңбогондой олжого туйтунганы боюнча узун сабак кептер ММКларда айтылууда. Айтор, 2010-жылга чейинки Момбеков менен азыркы Момбековдун айырмасы асман менен жердей.

Талас шаарынын азыркы мэри Айдар Жусупбековдун кызматка келүүсүнө, Рыскелди Момбековдун жогорудагыдай «ыкмасы» себеп болгонун көптөр айтышууда. Эми эки айдан бери Талас шаардык кеңешинин депутаттары мэрди ээрден жыгуу менен алек. Мэрге болгон мындай «чабуулдун аркасында» Рыскелди Момбеков өзү турушу мүмкүн деген пикирди айтышууда. Дегенибиз, быйыл жайында вице премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен Таласка чогуу келген ЖК депутаты Рыскелди Момбеков Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбековду «бурчка такап», «единицаң быйыл күздө түгөнөт…» -деп демитип жатканын бир топ адам көргөн. Мэрдин «единицасы» түгөнүп кызматтан алынса, келе турган жаңы мэр Момбековдун «единицасын» толуктап туруп анан келеби?!

Өзүнө жакпаган жетекчилерди «алжакадан, карма кокодон» кылып көнүп калган Рыскелди Момбеков жай айларында Өкмөт башчы Мухаметкалый Абылгазиевге кире албай убара тарткан. Эми бул нормалдуу эле жөрүнүш. Бүтүндөй өлкөнүн экономикасынын жоопкерчилигин моюнуна тартып олтургандан кийин Премьер-министрдин жумушу «чачтан көп» да. Момбеков менен макал айтышып отурганга чамасы жок дегендей.

Абулгазиевге кире албай калып, ызасы ичинде кайнаган Рыскелди Момбеков Абылгазиевге «азуусун кайрап», анын «Көчмөндөр оюнундарында» англисче сүйлөгөнүнө асылып чыкты. Көчмөндөр оюндарына бир топ чет элдик коноктор катышып, чет элдик ММКлар чагылдыргандыктан Премьер-Министрдин англисче сүйлөгөнүн эң туура болгонун айткысы жок.

Айтор, тынч жүрө албаган Момбеков эриккенде ар кимге барып «кашынып» калган ооруу таап алгандай. Өзү ээлик кылган гезити аркылуу партиялаштарын, пикирлештерин да соктуруп олтурганы адамгерчиликке жатабы? Ии баса, Таластын мэрине сөөмөй кезеген Момбековдун өзүнүн тили менен айтсак, анын «единицасы» түгөнөрүнө канча калды болду экен?..

Камчы Кадыров

Булак: “Мантыш”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу