Роналду 19 миллион евро салык төлөйт

Испания салык кызматы “Реалдын” мурдагы чабуулчусу Криштиану Роналдуну 19 миллион евро төлөп берүүгө сот аркылуу милдеттендирди. Бул тууралуу Испаниянын мамлекеттик EFE кабар агентиги жазууда. Маалыматка ылайык атактуу футболчу 2011-2014-жылдардагы салыктан качкандыгына байланыштуу 4 бөлөк каржы айыптар тагылган. Бул мөөнөттө футболчуга 14 миллион 768 миң 897 евро салык жашыргандыгы үчүн пайыз жана сот чыгашалары кошулуп, 18,8 миллион евро төлөөгө милдеттендирилген.

Мурда басылмалар Роналду салык кызматтарга 13,5 миллион евро төлөгөндүгү жазылган.

10-июлда 33 жаштагы португалиялык футболчу Криштиану Роналду туриндик «Ювентус» клубуна өткөн.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реал Мадрид» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келген. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Супер кубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси болгон.

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу