Президенттин сүрөтүнө тамаша жазган дизайнер прокуратурага чакырылды

Бишкектик дизайнер Никита Тарасенко президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүнө тамаша сөздөрдү жазганы үчүн Башкы прокуратурага чакыралганын айтып чыкты. Тарасенко бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Дизайнердин айтымында, прокуратурага белгисиз адам «Тарасенко президентти келекелеп жатат» деген негизде арыз менен кайрылган. Ошондон кийин Тарасенкого Башкы прокуратурадан телефон чалып, сүйлөшүүгө чакырышкан. Дизайнер аталган органда 1,5 саат өткөрүп, түшүнүк кат жазып берген.

“Алгач прокуратура кызматкерлери мени менен олуттуу сүйлөшүүгө аракет кылды. Бирок кийин абалдын жана түшүнүк каттын мазмуну күлкү келээрлик экенин түшүнгөн соң баары күлүштү”,-деп жазды Тарасенко.

Дизайнер прокуратура кызматкерлери эч кандай эскертүү бербегенин жана ага сый мамиле жасашканын кошумчалады.

Ал эми Башкы прокуратура жана президенттин маалымат кызматы бул жагдай боюнча комментарий бере элек.

Никита Тарасенко президенттин маалымат кызматы тараткан Сооронбай Жээнбековдун жайкы эс алуусундагы сүрөттөргө тамашалуу сөздөрдү жазып, Интернетке жайгаштырган.

Мем — Интернетте кеңири тараган тамашалуу сүрөт, видео же сөз.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу